Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 16.08.2019 16:19

Аксынын Улук айылында таза суу чыгарылды

Turmush -  Аксы районунун Көш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Улук айылында таза суу чыгарылды.

Көш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Кыялбек Абдыкаров билдиргендей, айылда 346 кожолук таза суу менен камсыз болду.

«Чет өлкөлүк инвесторлордун жардамы менен таза суу тартылып, 346 кожолукка суу жеткирилди. Таза суу көйгөйү көп жылдан бери чечилбей келе жаткан эле», - деди ал.

Ал белгилегендей, Улук айылында сугат суу дагы тартыш. Ак-Терек каналынын курулушу толук бүткөрүлсө айыл сугат суу менен камсыз болот. Бирок каналдын курулушу 2009-жылдан бери бүтпөй келет.

Ошондой эле Көш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Торук айылында дагы таза суу чыгаруу үчүн суу түтүкчөлөрү орнотулуп жатат. Буга чейин айыл эли арыктан аккан суудан ичип келишкен. Мындан улам жугуштуу оорулар көбөйүп жатканын айтып чыгышкан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×