Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 16.08.2019 10:50

Ат-Башыда жумушсуз келиндер тигүүчүлүк боюнча эл аралык сертификатка ээ болду

Turmush -  14-августта Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч жана Казыбек айылдарындагы жөлөк пул алган жумушсуз келиндер тигүүчүлүк боюнча кыска мөөнөттүү окууну аяктап, эл аралык даражадагы сертификаттуу болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, бул сертификат менен чет өлкөгө барып, тигүү ишканаларында иштөөгө мүмкүнчүлүк болот.

«БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен айыл өкмөттөрү кыска мөөнөттөгү тигүүчүлүк окуу курсун уюштурган. Курс 21 күн мурун башталып, ага Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарындагы жөлөк пул алган жумушсуз келиндер тартылган. Алар окууларын аякташты.

Мындан сырткары окууну аяктаган эжелер 3 кап ун, 15 литрден тамак-аш майын алышат. Ошондой эле 400 сом өлчөмүндө стипендия каралган. Окуу Казыбек айылынын тургуну Ырысбек Шермамбетовдун тигүү цехинде өттү. Аларды Нарында окутууну өнүктүрүү борбору аркылуу биздин эле айылдагы тигүү цехинде иштеп жүргөн, 17 жылдык тажрыйбасы бар Замира Мусаева окутту», - дейт Казыбек айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча адиси Эрмек Бактыгулов.

Учурда окууну аяктаган аялдарды жумуш менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүүдө.

«Бул берилген сертификаттар эл аралык даражадагы документ. Чет өлкөгө чыгып, ушул сертификат менен тигүүчүлүк боюнча жумушка кыйынчылыксыз кирүүгө мүмкүнчүлүгү чоң. Ар бир райондогу эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрү чет мамлекеттерге жумуш квоталары ачылган маалда ушул сертификатты алгандарды сунуш кылып жөнөтүшөт. Мүмкүнчүлүгү барлар барып иштесе болот», - деди Бактыгулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×