Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 16.08.2019 10:23 На русском

Кылым карыткан жаш: Жоошкан апа 101 жылдыгын жайлоодо белгиледи. Сүрөт

Turmush -  Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүндөгү Жылуу-Булак айылынын эң улуу жашоочусу Чокчоева Жоошкан апа 101 жылдыгын белгиледи. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сары-Жаз жайлоосунда өткөн мааракеге Түп районунун акими Элчибек Жантаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев дагы барып, Жоошкан апаны туулган күнү менен куттуктап, кылым жашоонун сырларын угушту. Алар энеге белектерин тапшырып, батасын алып кайтышты.

Жоошкан эне учурда баласы Арык Чокчоев менен келини Жамалкан Байбосунованын колунда, неберелеринин төрүндө бактылуу карылыгын өткөрүүдө. Жоошкан эне абышкасы Карала Чокчоев менен бирге жашаган мезгилде 5 балалуу болушкан. Алардын учурда 16 небереси, 4 чөбөрөсү бар.

Энесинин 101 жашка чыкса дагы жаш көрүнгөнүнүн себебин баласы Арык Чокчоев айтып жатып: «Биз жылкычылардын династиясынанбыз. Атамдан жылкычылык укурукту өткөзүп алгандан бери алгач М.Элебаев атындагы совхоздун жылкысын бактым. 53 жашымдын 47 жашын ат үстүндө өткөрүп келем. Жайында бир күндө 3 мезгилди өткөргөн Сары-Жаз сырт жайлоосунда жылкы багам. Энем жыл сайын жайында айылдан думугуп кетем деп, жайлоодо биз менен боз үйдө жашайт. Жаш көрүнгөнүнүн себеби атам менен баш кошкондон тартып жылкы багып, таза абада жүрүп, бээнин сүтүн ичкениненби деп ойлойм. Анын үстүнө тынч отурбай, дайыма кыймылда, кымызды бышып эле отурат.

«Күн суук тартып калды, айылга кетпейсизби» десек, «Ээ, балам ушул дагы суукпу? Илгери атаң экөөбүз Сары-Жазда жылкыларды кыштаткандагы суукту көрсөң болмок. Азыр заманың жыргал. Илгери айлап айылга түшө албай куурап жүрсөк, эми кааласаң унаа менен бара коюп жатпайсыңбы» дейт. Анан да энем таң эрте туруп, шаркырап аккан муздак сууга бети-колун жууганды адатка айландырып алган. Айылда жүргөндө дагы муздак сууга жуунганды унутпайт. Келини Жамалкан экөөбүз 4 баланы бактык деп айта албайбыз, анткени балдарды энем багып берди», - деди.

Андан тышкары Жоошкан апа: «Ийгиликтин ачкычы талбай эмгектенүү, чынчыл болуу жана ким болбосун ортодо сый болуп, ынтымакта жашоо», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×