Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 16.08.2019 08:32

Видео — Майда манты саткан чайканадан чычкан табылды

Turmush -  Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан чайкананын санитардык абалына кардарлар нааразы.

Кардарлардын бири Гүлмиранын (аты өзгөртүлдү) айтымында, чайканада майда манты сатылгандыктан келген адамдардын саны үзүлбөйт. Тамактарды дагы даамдуу кылып бышырышат. Бирок адамдар тамактануучу жайда чычкандардын уюгу бар. Ал чычкандардын чуркап жүргөнүн көргөндөн кийин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна арыз менен кайрылган.

Ош шаары жана Ош облусу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Светлана Шерматова жазылган арыздын негизинде алар Экономика министрлигинин уруксаты менен гана текшере ала тургандыгын билдирди.

«Ишкерлерди колдоо максатында мораторий жарыяланган. Мындан улам биз ишкерлерди негизсиз текшере албайбыз. Арыздын негизинде Экономика министрлигинен уруксат алып текшеребиз. Бул чайкананын санитардык абалына нааразы болгон жаран бизге бүгүн кайрылды», - деди С.Шерматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×