Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 15.08.2019 11:36

Тоңдун Кызыл-Туу айылында 4 үйдүн чарбагын сел каптады

Turmush -  Кечээ, 14-августта Тоң районунун Кызыл-Туу айылында Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, дамбаны бузуп, 4 үйдүн чарбагын каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, анын кесепетинен ички чарбалык көпүрөгө жана Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун 57-чакырымындагы көпүрөгө коркунуч жаралган. Кесепетти жоюуга куткаруучулар, 3 жүктөгүч, 2 самосвал тартылды. Тартылган техникалардын жардамында дамбаны бекемдөө жана суунун нугун буруу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×