Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 14.08.2019 17:23 На русском

«Түгөйүмдүн кызына чалып, «биз эгиз кыздарга үйлөнөбүз» дедим»: Эгиз жигиттердин тамашасы жана таарыныч (сүрөт)

Turmush -  «Эгиздер» долбоорунун бул жолку каармандары Бакай-Ата районуна караштуу Маданият айылынын 17 жаштагы тургундары Арген менен Арлен Керималиевдер болмокчу. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Арген: Аттарыбызды уйкаштырып атамдын карындашы койгон. 2 тондуу болуп төрөлгөндүктөн окшош эмеспиз. Мүнөзүбүз боюнча дагы айырмаланабыз. Мен Арленден улуумун. Улуулук кылып башкарып коём. Бирок чектен чыгып кетпейм (күлүп). Мен атама, Арлен апама окшош. Бизди бир көргөндөр эгиз эмес, ага-ини деп ойлошот.

Арлен: Эгиз болгон жагат. Чогуу жүрүп, кандай иш болсо дагы бат бүтүрө алабыз. Улуу бир туугандарыбызга караганда экөөбүз бири-бирибизге боор тартып турабыз. Мен унаа оңдоого жакынмын. Айыл ичинен унааларды оңдоп жүрөм. Алдыда ушул тармак менен тажрыйба жыйнап, мыкты оңдоочулардын катарын толуктасам дейм. Себеби айылга керектүү иштерден деп эсептейм.

Үйдө урушуп кеткен учурлар болот. Андай кездерде мен биринчи кадам жасап, баарын унуткарып сүйлөшүп кеткенге аракет кылам. Себеби мен эгизимдин мүнөзүн абдан жакшы түшүнөм. Ал айтканын бербейт (күлүп).

Мен 9-классты бүтүп окуган жокмун. Арген 10-классты бүттү. Эми 11- классты ийгиликтүү аяктап, бир кесиптин ээси болсом дейт.

Арген: Мен «келечекте эгиз кыздарга үйлөнөбүз, эгиздерден карай жүр» деп калам. Кийин эгиз балалуу болсок дейм. Ар кандай кызыктуу окуялар болуп турат. Арлен бир кыз менен сүйлөшүп жүргөн экен. Анан телефон аркылуу Арлендин ордуна сүйлөшүп сынап көрдүм. Бирок мен ал кызга «эгиз кыздарга үйлөнөбүз?» деп айтып коюп, Арленди таарынткам (күлүп).

Мен кичинекейимден эле бышыкмын, эрте басыптырмын. Арлен кечирээк басып, жамбашы менен жылып жүрүп далай шымдарды жырткан экен. Апам биздин кылыктарыбызды айтып күлдүрүп калат. Апам упчубузга сүт куйса шарт эле жерге жата калчубуз. Сүттү эс тартканча жатып алып ичтик.

Арлен: Мен көрүнгөн жерге уктап калчумун. Апам дагы көп айтат. Мен жүргөн жериме уктап калып, үйдөгүлөрдү аябай издеттирчүмүн (күлүп).

Арген: Менин бышыгымдан көп нерсеге кабылчубуз. Эсимде калганы, бир жолу ата-энем жаңы эле жыйып бүттүк деген чөптүн жанына бардык. От жагып көрөбүз деп чекесин өрттөп, кайра өчүрүп кетип калганбыз. Көрсө ал өчпөй тутанып күйүп кеткен экен. Ошондон кийин эгизим менен акылдашып иш кылып калгам.

Арлен: Батма жана Зухра деген эгиз болуптур. Бирок Зухра эжебиз чарчап калыптыр. Батма эжебиз азыр өзү да эгиз балалуу. Эгиздер апам жакта болгон экен.

Экөөбүз тең футбол ойнойбуз. Азыркы учурда дагы облустар аралык мелдештерге катышып турабыз.

Эгиздер 6 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×