Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.08.2019 16:42

Кара-Көлдө Нептун күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 14-августта Кара-Көл шаарында Нептун күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чаранын ачылышына шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев катышты.

Нептун күнү Россияда эмгектенген кара-көлдүк мекендештердин жолугушуусунун алкагында өткөрүлүп, анда сууда жашаган балык куйруктуу кыздардын (русалка) жана каракчылардын образын жараткандар Комсомол көлүнүн жээгиндеги жаш балдар менен бирге театралдаштырылган оюн-зоокторду уюштурушту.

Мында жаш балдар учак сыяктуу оюнчуктарды жасап, жарышуу, ырдоо, бийлөө сыяктуу сынактарга катышты. Ошондой эле сууга байланыштуу суроолорго жооп беришип, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

Мындан сырткары «Энергетик» сейил багында балдар үчүн аттракциондор иштеди.

Нептун күнү майрамын деңиз суучулдары майрамдашкан. Бул күнү суу үстүндө түрдүү шоулар көрсөтүлүп, кургакчылыктын алдын алуу максатында жайында өткөрүлүп келген. Нептун күнүн деңиз суучулдары экватор сызыгын кесип сүзүп өтүү менен майрамдашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×