Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуЧоң-Алай району 14.08.2019 15:18

Ленин чокусунда эс-учун жоготкон россиялык альпинист көз жумду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Россиядан Кыргызстанга келген альпинист Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда көз жумду. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка караганда, 11-август күнү саат 15:20 чамасында Россиянын 1969-жылы туулган жараны Ш.Д. эки шериги менен Ленин чокусунун 6 миң 909 метр бийиктигин багындырган. Кайра чокудан түшүп келе жатып 6 миң 600 метр бийиктикте эс-учун жоготкон. Шериктери ага алгачкы жардам көрсөтүшкөн, бирок маркум өзүнө келген эмес. Анын сөөгү Ленин чокусунун төмөн тарабындагы базалык лагерге алынып келинген.

Буга чейин Turmush басылмасы Ленин чокусунан түшүп келе жатканда россиялык турист — Россия Федерациясынын ички иштер органдарынын генерал-майору Иван Иванов каза болгонун жазган.

Маркум Иван Иванов

28

Иванов 6100 метр бийиктикти багындырып, 27-июлда акыркы жолу байланышка чыгып, чокудан түшүп келе жаткандыгын айткан. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары жиберилген. Ошондой эле издөө иштерине тик учак тартылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө 6300 метр бийиктикте Ивановго тийиштүү сумка жана таанытма табылган.

4-августта издөө-куткаруу тобу Ленин чокусунан 6200 метр бийиктиктен анын денесин табышкан. Туристтик компаниянын альпинисттери анын денесин лагерге алып түшүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×