Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.08.2019 13:41 На русском

Курман айт күнү муунуп алган маркумдун жакындары изделүүдө

Turmush -  Каракол шаарында целлофан баштык менен муунуп алган маркумдун жакындары табылбай жатат. Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоо органдары аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол шаарынын Восход кичи районундагы №2 көп кабаттуу үйдүн аркасынан табылган азиат түспөлүндөгү жарандын денеси өлүкканада сакталууда. Анын өздүгү тактала элек.

Ал эми Восход кичи районунун кондоминиумунун аткаруучу жетекчиси Элмира Асанкадырова маркум аталган кичи райондо жашабай турганын белгиледи.

«Маркумдун асынып турган денесин тургундар 11-август күнү айт намазга бара жатканда көрүшкөн. Алар дароо милиция кызматына кабарлашкан. Тескөөчү бизге эртең мененки саат 8:00дө маалымдады. Мен кондоминиумдун башчысы катары WhatsApp аркылуу жашоочуларга кабар бердим. Жашоочулар маркумду тааныбай турганын айтышты. Биздин оюбузча маркум башка жердин тургуну», - деди Э.Асанкадырова.

Каза болгон жаран болжол менен 30-35 жашта. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×