Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 14.08.2019 13:21

Сокулуктун Орок айылындагы жардамга муктаж тургундарга эт таратылды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы жардамга муктаж тургундарга демөөрчүлөр тарабынан 750 кг эт таратылды.

«Демөөрчүлөр алып келген этти баарына бирдей таратууга аракет жасадык. Алгач эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, томолой жетимдерге, кароосуз калган 11 кары-картаңдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө тараттык. Айылдагы жеке демөөрчүлөр тарабынан 200 кг салмактагы уй союлду жана сырттан келген демөөрчүлөр 5 кг салмактагы эти бар 150 пакет алып келишти», - деп билдиришти мамадминистрациядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×