Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 14.08.2019 12:03 На русском

Болгариялык туристтер ысык-көлдүктөрдүн кантип дарыланарын угуп шок болушту

Turmush -  Болгариялык туристтер Ысык-Көлгө келишти.

Чет өлкөлүк туристтер Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиришкендей, алар жергиликтүү тургундар кантип дарыланарын жана уйларды кантип багышарын көрүп таң калышкан.

42 жаштагы Боян Радевдин айтымында, алар Ысык-Көлгө досторунун чакыруусу менен келишкен.

«Мен Болгарияда Сончев Бряг курорттук аймагында төрөлгөм. Ошондуктан пляждар мага таң каларлык деле эмес. Биз Казакстанда иштейбиз жана Курман айт майрамына карата досторубуз Чолпон-Ата шаарына эс алууга чакырышты. Ысык-Көл көлү укмуштуудай, тоолордун кооздугу таасир калтыргыдай экен. Бирок кээ бир учурлар биздин топту абдан таң калтырды. Биринчиден, Чолпон-Ата шаарында бүт жерде уйлар жүрөт. Алар тамак-аштын калдыктарын жеп, таштандылардын арасында жүрөт экен.

Экинчиден, дары чөптөрдүн сатуучулары кургатылган жылан менен бакаларды ачык эле сатып жатышат. Жергиликтүү тургундар дагы аны жакшы алып жатышат. Кургатылган жыландарды кайсы ооруларга каршы колдонуу керек деген суроомо сатуучу: "Кургатылган бака менен жыландын майдаланганын ачкарын ичсе ашказан оорусуна пайдалуу" деп жооп берди», - деди Боян Радев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×