Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуНарын району 14.08.2019 11:34 На русском

«Кечинде эптеп түшүрдүк»: Нарындык Р.Жумабаевдин эсинен кеткис турист менен кошуна

Turmush -  Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын 47 жаштагы тургуну Руслан Жумабаев 27 жылдан бери аары багып киреше таап келет. Ал аары багуудагы кыйынчылыктар, иш үстүндөгү кызыктуу окуялар жана балдын дарычылык касиеттери тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Руслан Жумабаев кичинекей кезинен эле аары багууга кызыгып, атайын билим алып келген.

«Дөбөлү айылында чоңоюп, ушул жерде өстүм. Бала кезимден эле аары багууга абдан кызыгар элем. Ошол кызыгуумдун арты менен 1992-жылы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы №47 кесиптик лицейде аарыларды багуу боюнча билим алдым. Ошондон азыркы күнгө чейин балчылык кесипти аркалап келем. Ыгын билип алсаң аларды багуу оңой. Буга чейин бал челектерди облусубуздун жайлоолорунда кармачумун. 10 жылдан бери аарыларды үйдө багам. Ошондой эле 2004-жылдан бери айылдын чет жагында жайгашып, үйүм тоого чукул болгондуктан жайкысын тоо лагерин иштетип келем. Бизге Франция, Италия, Россия, Таиланд өлкөлөрүнөн көп меймандар эс алууга келип, биздин балды «аябай таза бал экен» деп алып кетишет», - деди ал.

Анын эсинен Россиядан келген турист кетпейт.

«Иш үстүндө көп окуяларга кабылабыз. Бир жолу Россиядан Андрей аттуу турист жубайы менен эс алууга келген. Ал өмүрүндө ат минип көрбөптүр. Биздин тулпарларды көрүп аябай кызыгып, бирөөсүн минди. Анан тоолорго суктанып, кечке чейин түшпөй минип жүрдү. Кечинде аны аттан түшүрө албай убара болдук. Ал бир топко чейин баса албай кыйналып жүрдү (күлүп). Ага биздин мекен абдан жагып, кийинки жылы да бизге эс алууга келген.

Дагы бирөө эске түштү, кайсыл жылы экени так эсимде жок. Мен конокко бармакмын. Ошол учурда аарыларымды кимге таштоону билбей, кошунама: «Карап тура аласыңбы? Бүгүн конокко барат элем» десем, ал «кечинде анын баарын кантип санап үйүнө киргизем?» деди. Мен күлүп, «булар өздөрү эле кечинде уясына кирип кетишет. Сен болгону бал челектерди карап тур» дедим. Биз жактагылардын көбү мал менен алекпиз. Ал аарыларды да мал баккандай багат деп ойлосо керек (күлүп).

Аарыларды көрүүгө көп тургундар келишет. Жыйынтыгында аларды аарылар чагып, ыйлап кетишет», - деди ал.

Руслан Жумабаев: «Таза бал негизинен көз, ашказан, хондроз дарттарына даба жана беттеги бырыштардын алдын алат», - деди.

Ал жубайы Айжамал Нурмукамбетова менен 2 кыз, 3 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×