Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусу, Ош 14.08.2019 18:04

Дарбыз саткан соодагер уктап жатканда унаасын мас жигит айдап кеткен

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 12-августка караган түнү саат 3:00 чамасында Учар айылындагы айлампанын жанында турган «Хундай Портер» унаасы уурдалган. Бул маалыматты унаанын ээси Курбанали Ураимов тастыктады. Унаасы Ноокат районунан табылганын кошумчалады.

К.Ураимовдун айтымында, унаа Учар айылындагы айлампанын жанында дарбыз саткан жерден уурдалган. Ал дарбыздарын карап жатып уктап кеткен. «Портер» кечээ, 13-августта Ноокат районунан табылып, убактылуу унаа токтоочу жайга киргизилди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, «Хундай Портер» унаасын Ноокат районунун 1993-жылы туулган тургуну К.у.З. уурдаган. Ал кечээ, 13-август күнү Ош шаарында жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилген. Ал унааны Ноокат районунун борборуна айдап барып, ошол жерге таштап койгон.

Шектүү К.у.З. өзүнүн көрсөтмөсүндө «Портерди» уурдайын деген ою болбогонун айтты. Ал Ноокат районуна барышы керек болуп, аталган унааны айдап кеткенин билдирди. Ошондой эле уурдаган учурда мас абалда болгонун жана Ноокатка баргандан кийин «Портерди» көчөгө таштап, кайра такси менен Ош шаарына келгенин кошумчалады.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×