Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Кара-Суу 14.08.2019 14:45 На русском

«Эч ким байкаган эмес»: Туугандары менен эс алып жаткан баланын денеси суудан табылды

Turmush -  Ош шаарындагы бассейндердин биринде Кара-Суу районунун Кара-Кур айылынын 6 жаштагы тургуну сууга чөгүп каза болду. Бул маалыматты Кара-Кур айылынын башчысы Абдыганы Абдылаев тастыктады.

Анын айтымында, окуя 12-август күнү болгон.

«6 жаштагы бала сууга чөгүп каза болуп калды. Баланын туугандары эс алууга барып, аны жоготуп алышыптыр. Кийин сууга чөгүп кеткен жеринен таап чыгышыптыр», - деди А.Абдылдаев.

Кара-Кур айылы Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө карайт. Аталган айылда 40 түтүн жашайт.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгы 6 жаштагы баланын сууга түшүп кеткенин эч ким байкабай калганын билдирди. Алардын маалыматына ылайык, ушул жылдын 12-августунда саат 14:30да Кара-Суу РИИБге 6 жаштагы бала каза болгону жөнүндө маалымат түшкөн. Ал Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Өзгүр айылында жайгашкан эс алуучу жайдагы бассейнге чөгүп каза болгон.

Баланын апасы туугандары менен бирге эс алуучу жайда орун издеп жатканда уулун таппай калган. Кантип сууга түшүп кеткенин да эч ким байкаган эмес. Ал Папан айыл өкмөтүнүн Кара-Кур айылынын 2013-жылы туулган тургуну М.У. болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×