Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 14.08.2019 10:38

Токмок шаарында учурда 64 534 киши жашайт

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында 25-марттан 3-апрелге чейин Кыргыз Республикасында 2020-жылы боло турган эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн чегинде сынамык эл жана турак жай каттоо өткөрүлдү. Анда Токмок шаарында 2019-жылдын башталышында жалпы 64534 киши жашай турганы аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин сайтындагы маалымат боюнча 1970-жылдан берки калктын саны: 1970-жылы 42 122 киши, 1979-жылы 58 655 киши, 1989-жылы 73 372 киши, 1999-жылы 59 299 киши, 2009-жылы 53 087 киши болгон.

- кыргыздар 36545 киши же 56,6 %;
- орустар 7871 киши же 12,2%;
- өзбектер 5259 киши же 8,1%;
- дунган 10534 киши же 16,3%,
- уйгурлар 1203 киши же 1,8%.
- Калган улуттар 1 %.

Токмок 19-кылымдын башында негизделген шаар. Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Чүй дарыясынын сол өйүзүндө жайгашкан. 19-кылымдын башында Чүй өрөөнүн Кокон хандыгы басып алып, 1825-жылы Токмок чебин курган. 1866-жылы Токмок шаар макамын алган. 1867-78-жылдары Токмок уездинин борбору болуп турган. 1878-жылы уезддин борборунун Пишпек шаарына көчүрүлүшүнө байланыштуу Токмок болуштун борбору болуп калган. 2002-жылдан тартып Чүй облусунун борбору. Токмок шаары азыр Кыргызстандагы Бишкек менен Оштон кийинки өнөр жайы өнүккөн үчүнчү чоң шаар.

Түштүк-батышында Бурана шаар чалдыбары жайгашкан. Ал орто кылымдардагы өтө маанилүү шаарлардын бири Баласагын шаарынын калдыгы болуп эсептелет. Баласагын шаары Караханийлер (Каракагандар) мамлекетинин түндүктөгү борбору болгон. Бул шаар Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан.

Шаарда 13 орто мектеп, христиан мектеби, түрк лицейи, музыкалык жана спорт мектептери, 5 бала бакча, маданият үйү, музей, мейманканалар, 3 китепкана, кинотеатрлар, Бишкектеги айрым ЖОЖдордун филиалдары, кесиптик орто окуу жайлары бар.

Калкы көп улуттуу. Элинин негизин кыргыздар 52%, орустар 15%, дунгандар 16%, өзбектер 8,5%, уйгурлар 1,7%, татарлар 1,9%, казактар 1,1% жана башка улуттар түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×