Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусу, Ош 13.08.2019 16:24 На русском

Ошто мыйзамсыз делген көп кабаттуу үйдүн курулушу кайра жандандыбы?

Turmush -  Жогорку сот Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде мыйзамсыз курулуп жатат делген көп кабаттуу үйдүн ишин карап, аны кайра карап чыгуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Пирматов билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сот Ош шаардык сотунун жана Ош облустук райондор аралык сотунун өкүмүн жокко чыгарган.

Ал эми жергиликтүү тургундар А.Масалиев проспектисинде мыйзамсыз курулуп жатат делген көп кабаттуу үйдүн курулушу кайра жанданганын билдиришип, сүрөттөрдү интернетке жарыялашкан.

Turmush басылмасы Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде мыйзамсыз курулуп жатат делген көп кабаттуу үйдүн ээси («Евростиль» курулуш компаниясы) Жогорку сотко кайрылганын жазган. 10-июль күнү Жогорку сотто соңку отурум болмок.

«Евростиль» курулуш компаниясы Жогорку сотко А.Масалиев проспектисинде курулуп жаткан турак жайга каражат көп кеткен, бузулбасын деп сотко кайрылышты», - деген Алтынбек Пирматов.

Курулуп жаткан 13 кабаттуу үйдүн 4 кабаты тургузулган. Аны бузуу үчүн 1 ай убакыт берилген.

---------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы 13 кабаттуу үйдү мыйзамсыз куруп жаткан «Евростиль» курулуш компаниясынын жетекчилигинин суранычы менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн жазган. Анын жыйынтыгында курулушту «Евростиль» компаниясынын өкүлдөрү өздөрү бузмай болушкан.

Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын маалыматына караганда, буга чейин курулуш компанияга аталган жерде үй курууга уруксат берилген эмес. Буга чейин Мамэкотехинспециянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгы тарабынан жана мэрия тарабынан дагы бир нече ирет курулушту бузуу боюнча эскертүү берилген.

«6 ай мурун келип, курулуш компаниянын жетекчилигине эскертүү бергенбиз. 8 ай мурун жергиликтүү тургундар топтолуп, курулуп жаткан көп кабаттуу үй боюнча облустук сотко кайрылышкан», - деген Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов.

Turmush басылмасы Ош шаарында А.Масалиев көчөсүндөгү №64 көп кабаттуу үй мэрия тарабынан бузулуп жатканын жазган. Ошондой эле аталган үй курулуп жаткан аймакта тектоникалык жарака бар экени айтылган. Ошондуктан Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгы аталган көп кабаттуу үйдүн ишин Ош шаардык сотуна өткөргөн. Шаардык сот көп кабаттуу үйдү бузуп, жерди мурунку калыбына келтирүү боюнча чечим чыгарган. Шаардык соттун чечимин Ош облустук соту да күчүндө калтырган.

Кийинчерээк аталган көп кабаттуу үйдү куруп жаткан «Евростиль» курулуш компаниясынын юристи Сагынбек Чымынов иш Жогорку сотто каралып жатканын айткан.

Буга чейин мэриядан курулуш компаниясынын электр булагы өчүрүлүп, аларга курулушту токтотуу боюнча эскертүүлөр берилгенин билдиришкен. Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында, андан эч кандай майнап чыккан эмес.

«Бул курулуш мыйзамсыз курулуп жатат. Анткени архитектуралык документтери жок. 2018-жылы чогулган материалдарды Ош шаардык сотуна өткөрүп бергенбиз. Шаардык сот курулуш компаниясына 200 миң сом айып салган. Кийинчерээк алар (үйдү куруп жаткан компаниянын өкүлдөрү) облустук сотко кайрылышты. Анда дагы соттун чечими биздин пайдабызга чечилди. Учурда 200 миң сом айып пулду төлөшө элек», - деген Экотехинспекциянын Ош шаардык аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Мелис Адиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×