Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 14.08.2019 09:25

«Сеники эле жыргал, чекесинен сатып байый бересиң»: Р.Орозалиев 10 жылда байып, миллионер атка конду (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 30 жаштагы тургуну Рыскулбек Орозалиев 10 жылдан бери топоздорду багып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен үй-бүлөмдө 5 бир туугандын кенжеси болом. 3 эжем жана 1 акем бар. Үйдүн кичүүсү болуп, колдо калгандыктан мал чарба мага калган. Союз тарап жаткан учурда атам атайын колхоздон деп 1 баш ургаачы топоз жаздырып алган экен. Ошол топоздун арты менен топоздорду көбөйтүп алдык. Малдын санын толук айтпайт деп коёт эмеспи. Учурда 100дөн ашуун топоз бар.

Топоз башка малдарга салыштырмалуу кыйла башкача. Жайы-кышы тоодо жүрүшөт. Адамды өздөрүнө жакын жолото бербейт. Ошол эле убакта мамалактарын адамдардан кызганышат. Менин жайым-кышым тоодо өтөт. Күндүн ысык-суугуна карабай, атайын топоздорду караганы барам. Алардын жанына барып карабайм. Үстүртөдөн көз салып баса берем. Бирок бош жүргөн малга көз арткандар көп болот. Каратып туруп уурдап кеткендер да болбой койбойт. Тоодон кулап өлүп калгандары да болот. Андай учурларда ичиң ачышат. Эч кимге зыяны жок болгон топоздорго кантип эле ичиң ачышпай койсун. Кадимкидей жаман болом. Булар айыл ичине жашай албагандыктан тоодо жүрүшөт. Атайын деле чөп салып, сугарып убара болбойбуз.

Атайын Казакстандан кардарлар бар. Сойдуруп, этин алып кеткендер көп болот. Кыш мезгилинде соёбуз. Бир топоздун эти 350 кг жетет. Эти уйдун этинин баасындай эле сатылат. Атайын деле союп сатпайм. Кардарлар келгенде гана соёбуз. Ал эми тирүүлөй сатып ала турган болсо 50 миң сомдон 80 миң сомго чейин сатылат. Топоздор 150 кг эт берип калганда сатыла баштайт.

1 жылда 5-6 топозду жокко чыгарабыз. Уурдап кетип, жоголуп кетип, өздөрү өлүп калгандары болот. Чыгаша болмоюнча киреше болбойт. Мал менен иштешүү кыйын. Башка адамдарга оңой эле көрүнөт. Кээ бирлери «Сеники эле жыргал. Тоого алып келип таштап коёсуң дагы чекесинен сатып байый бересиң» деп айтып калышат. Аларга айтып коюш оңой экен да. Бирок менин кыйналып, ысык-суукта тоого келип, ар бирин санап, чачырап кетишсе чогултуп жүргөнүмдү билишпейт. Ар бир жумуштун татаалдыгы бар. Малдын малдай азабы болот. Майда жандыкка караганда топоз багып чоңойтуу кыйла кыйыныраак.

Айыл ичи мени миллионер деп атап алышкан. Бирок мен миллионермин деп айта албайм. Эң негизгиси акчаны дагы, топоздорду дагы туура пайдалана билүү керек. Топоздордон тышкары үйдө мал чарбачылык менен алектенем. Аларды да тоого алып чыгып жаям. Кечкисин үйгө айдап келип, топоздорду калтырып келем. Айылыбыз тоолуу болгондуктан чөп көп. Көпчүлүк тургундар мал чарба менен алектенет. Чөп жагынан кыйналбайбыз, жайытыбыз кенен. Кышкысын суук болгондуктан биздин айылда гана топоздор багылат», - деди ал.

Рыскулбек мырза 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

10.02.2017Айыл турмушу: Жети-өгүздүк ишкер Э.Асаналиев чарбасында 200 топоз, 150 кой багат (фото)
13.12.2017Айыл турмушу: 400 кой, 100 топоз баккан тоңдук К.Абыкеев киреше табуунун бир нече жолyн атады (фото)
17.01.2018Айыл турмушу: Аксылык Мунарбек жылуу климатта топоз багуу мүмкүн эмес деген ойду жокко чыгарды (фото, видео)
16.02.2018Айыл турмушу: Н.Матанов топоз багуунун сырларын жана анын адамга кантип кол саларын айтып берди (фото)
05.03.2018Айыл турмушу: Алайлык Сыдык Тайлаковдун чарбасындагы топоздор 500дөн ашты (фото)
18.04.2018Айыл турмушу: Тоңдук 29 жаштагы Э.Жунушов төө, топоз, асыл тукум жылкыларды багуунун жолдорун айтып берди (фото)
03.07.2018Айыл турмушу: Ак-талаалык фермер К.Абышбаев 9 топоздун санын 200гө жеткирип, букаларын союп сатууда (видео, маек)
22.10.2018Айыл турмушу: Европа, Араб өлкөлөрүндө иштеген Р.Бекташев айылына келип, 150дөй топоз багууда (фото, видео)
29.03.2019Видео — Алайда топоз баккан жөнөкөй миллионерлер
17.05.2019Төө менен топоздун эбин тапкан чоң-алайлык миллионердин чарбасы. Видео
27.06.2019Айыл турмушу: Ысык-Көлдө 100 топоз баккан Р.Өмүрбековдун небереси туристтерге топоз менен кызмат кылат (сүрөт)
02.08.2019Ленин чокусундагы бизнес: Топоз жана төө менен киреше тапкан чоң-алайлыктар. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×