Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 13.08.2019 15:31 На русском

ӨКМден батир алгандан кийин жолдошума кылмыш иши козголуп, инсульт алды, - Р.Маматураимова

Turmush -  Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө жайгашкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу 80 батирлүү көп кабаттуу үйдүн тургуну Ризванбуби Маматураимова анын жолдошуна Ош шаардык прокуратурасы тарабынан 2014-жылы кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтымында, прокуратура жолдошуна катталган 2 бөлмөлүү батирди негизсиз берилген деген жүйөө менен иш козгогон. Бул тууралуу Р.Маматураимова бүгүн, 13-август күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында айтты.

Ал буга чейин райондор аралык жана Ош облустук соту шаардык прокуратуранын пайдасына чечим чыгарганын кошумчалады.

«Жолдошум Махамадали Маматураимов 1994-1996-жылдары "Кыргыз почтасына" тиешелүү объектте кароолчу болуп иштеген. СССР ыдырагандан кийин объектке каржы келбей калып, жумушу токтогон. Ошол учурда жолдошум аталган объектти карады. Жаныбыздагы мектептин окуучулары 5-кабатка чыгып алып мушташчу, селсаяктар келчү, кыздар менен балдар барышчу. Жолдошум алардын баарын киргизбей, аталган объектти караган. Ошол кезде көп адамдан таяк жеди.

Кийин 1-кабатына терезе салдырып, айнектерин кирпич менен тостурду. 2001-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен адамдар келип, жолдошум менен таанышышты. Кайра эле ошол объектке кароолчу кылышты. Кийин чарбакер кылып алышты. 2002-жылы аталган объект 80 батирлүү көп кабаттуу үй болуп курулгандан кийин (жер "Кыргыз почтасынан" ӨКМдин балансына өткөн) жолдошума кызматы үчүн 2 бөлмөлүү батир беришти. Бирок 2014-жылы Ош шаардык прокуратурасы "үй негизсиз берилген" деген жүйө менен кылмыш ишин козгоду. Мына ушул 5 жылда кылмыш иш райондор аралык, облустук, Жогорку сотто каралып, прокуратуранын пайдасына чечилди. Азыр жаңы жагдайлар боюнча Жогорку сотко арыз жаздык.

Айтайын дегеним, жолдошум элдин мүлкүн сактаган адам болсо, аталган көп кабаттуу үйдү 7 жыл караса... Анын эмгеги бааланбай, кайра кылмыш иши козголгону кандай? Мен бул маселе боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылам.

Жолдошум инсульт болуп төшөктө жатат. Ушул иштин айынан ошол ооруга чалдыкты», - дейт Р.Маматураимова.

Ош шаардык прокуратурасынан аталган маселе боюнча саат 15:00дө маалымат беришерин билдиришкен. Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлдөрү маалыматты тактап бере турганын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×