Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусуКочкор району 13.08.2019 13:42 На русском

Кочкордо хандын казынасы казылып жатабы? Сүрөт

Turmush -  Кочкор районунун Кум-Дөбө аймагындагы Көк-Таш участкасында жер астынан табылган курулуш талаш жаратууда. Кум-Дөбө аймагына байланыштуу Көк-Таш участкасында жер алдындагы имарат 2017-жылдан баштап Кыргыз-түрк «Манас» университетинин археологиялык тобу тарабынан изилденүүдө. Аны изилдөөгө Түркиянын эл аралык кызматташтык уюму колдоо көрсөтүп келүүдө. Быйылкы жылы да изилдөө иштери жүрүп, имараттын үстү чатырланып жабылды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы тарыхый жайда болуп кайтты.

Тарыхчы-археолог Кубат Таабалдиев жер алдынан табылган курулушту 10-кылымда каза болгон Караханиддердин башчысы Сатук Кара Буура хандын күмбөзү деп эсептейт. Ал эми, жергиликтүү тарых изилдөөчү Кайырбек Коңурбаев жер алдындагы курулушту атайын жер алдындагы хандын казынасы экенин айтты.

«Баласагын шаары Чүй өрөөнүндө эмес, Кочкор өрөөнүндө жайгашкан. Муну далай жазма булактарга жана ошол аймактан табылган курулуштарга негиздеп айта алам. Мен бул аймакта сел (топон суу) басып калган жерлерде 25 жыл иштедим. 10 жыл сугатчыларга звеночу болуп ушул жерлерди сугартып жүрдүм. Суу жеп кеткен жарларда бышкан кирпичтен салынган дубалдарды көрүп, эмне деген шаар же коргон деп таңкалар элек. Солтобай деген аянт тууралуу сакалдуу, улуу сугатчылар «Кайырбек түндүктүн суусу киргенде ушул аянтка салып жибер, арыктарды жебей суу жай сиңет» дешчү эле. Көрсө кирген суу жер астындагы курулуштардын ичине 5-6 саатта толуп, андан кийин гана аягына чыкчу турбайбы. Ал аянтка жазында айдоодон кийин арык салганда карапанын сыныгы, кирпич чыгып калар эле.

Мен археолог Кубат Табалдиевга бир нече жолу «Көк-Таштагы казылып жаткан курулуштун батыш жагынан шурф каздырсаң, бир топ курулуштар чыгат» айттым. Жерлерин да көрсөттүм болушкан жок. Сонер Пулан деген түрк археолог чыгыш жактан каздырып эч нерсе тапкан жок. Көк-Таштагы байыркы курулуштун батыш жагындагы аянтта бышкан кызыл кирпичтен курулган имараттар толтура, ар бир 50 метр жерден шурф казса чыгат. Кум-Дөбө айылынын аягынан түндүктү карай 6 км жана туурасы 2,5-3 км аянтта жалаң бышкан кирпичтен салынган үйлөр жердин астында жатат», - деди Кайырбек Коңурбаев.

Ал андан ары сөзүн улап: «Көк-Таштагы казылып жаткан эки бөлмөлүү курулуш Баласагын шаарынын ханынын казынасы деп эсептейм. Анын себеби, 1938-жылы ак-жардык кишилер бир буту сынык арчадан жасалган стол алып чыгышканын алардын балдары айтышкан. 1910-жылдары азыктын бөрү уруусунан чолок Жусуп деген адамдын түшүнө аян келип, тынчтык бербейт. «Сен боз үйүңдүн артын казсаң эки бөлмөлүү үй чыгат, биринчи бөлмөдөн кишинин колу көрүнөт. Кол кармап турган оокаттарга тийбегин, андан ары өт. Экинчи бөлмөдө көп алтын күмүш бар, ал көп кишиге жетет. Аянбай эле баарына тарата бер» деген аян эки-үч жолу түшүнө кириптир. Эки-үч күндөн кийин кетмен алып казып кирет. Айткандай эле биринчи бөлмөдө кишинин колунда кармалган шурулар жана бир бөтөлкө көрүнөт. Андан ары казып өтсө, экинчи бөлмөдө көп алтын-күмүш буюмдар табылат. Көтөрүп сыртка чыкса бир эшекчен абышка келе жаткан болот, андан кызганып кайра кирип кетет. Кийин акча кылам деп төөгө жүктөп, Анжиянга алып барып бирөөгө алдатып жиберет. Кайра келгенде биринчи бөлмөдөгү кишини колу кармап бөтөлкөдөгү суюктукту ичет. Ошондон денеси тешилип, Токмокко барып өлүп калыптыр. Көрсө ал сымап экен.

Ал эми археолог Кубат Табалдиев жетектеп, казышкан эки бөлмөлүү курулуш хандын казынасы экени туура чыкты. Тактап айтканда, 2017-2019- жылкы казууларда курулуштун ичинен 12 нефрит тарелкалардын, нефрит таштардын чыгышы, көк боек менен сырдалган кирпичтер, алебастр же гипс менен бурчтарына түшүрүлгөн оюлар, эки бөлмөнүн ичинин полу кафелденгени, 2018-жылы 25-июлда казган убакта каган Сатык Буура Карахандын сөөгүнүн жоктугу, жада калса сөөк жаткан жер дагы кафелденгени, менин болжолдогонум туура экенин аныктады», - деди.

Элдин айтымына караганда, бул имараттын ичинин бир бөлүгүн көк сыр менен сырдалган бышкан кызыл кирпичтер менен капташкан. Ошол көк кирпичтерди сыртка алып чыгышып, кийин ал жер Көк-Таш деп аталып калган.

«Дагы бир тарыхый маалыматтарда бул курулуш баалуу буюмдарды сактаган кунсткамера экен. Бул жөнүндөгү маалыматты бир жерден окудум эле, азыр таба албай жатам. Издеп тапканга аракет кылам. Мусулмандардын өлүк коюу жөрөлгөсү боюнча, сагана түндүктөн түштүккө карай курулуш керек эле, бул жерде сагана (мүрзөдөгү сөөк коюлган жер) батыштан чыгышты карай курулуптур. Сагананын өзүнүн көлөмү да кичине, ал жерге хандын сөөгү эмес баланын сөөгү да батпайт. Ушунун өзү эле бул курулуш эч кандай мавзолей же күмбөз эмес эле жер астына казылып курулган казына болуп чыкты. Дагы бир айта кетчү нерсе, мунун ичине агып кирген тоголок таштуу топурак кийинки 100-150 жылдын ичинде болгон. Ага чейин болгон селдин (топон суунун) жүрүшүндө казылган чуңкур-жардын капталдарын караганда, биринчи шагыл жана кум аралаш калыңдыгы 35 см катмар, экинчи 50 см болгон чополуу катмар, акыркы үстүңкү катмардын тоголок таштуу топурагына толгон. Ичиндеги байлыктар кийинки 150 жылдын ичинде алынып тонолгон болуп чыкты. Түштүк жагындагы чыгып кирген эшигине жоон жыгачтардан туурасынан тизип, койдой болгон таштар менен тосулуп коюлган. Шаарды таштаган эл казынанын оозун бекитип, жыгачтан тизип, койдой таштар менен толтуруп кеткени билинип турат.

Көк-Таштагы курулуштан 500 метр батыш жагындагы аянттан дагы бир чоң бышкан кызыл кирпичтен курулган курулуштун чыкканы анын күмбөз эмес экенине далил. Ал жерди Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин археология жана этнология кафедрасынын ага окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Ороз Солтобаев студенттеринин практикасында табышты. Кочкор өрөөнүнөн мен бышкан кирпичтен салынган Төр шаарды көрсөтө алам», - деди К.Коңурбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×