Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Баткен облусу, Баткен 13.08.2019 11:31

Баткен шаарындагы каналга 43 жаштагы адам чөгүп каза болду

канал, суу, чөгүү, утонул
канал, суу, чөгүү, утонул

Turmush -  Кечээ, 12-августта Баткен шаарындагы каналга 43 жаштагы адам чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, каналга саат 19:00 чамасында 1976-жылы туулган Т.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 13 куткаруучу барган. Алар саат 21:20 чамасында жансыз денени таап, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Кийинчерээк аталган адам Баткен шаарынын тургуну С.Т. экендиги такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×