Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 13.08.2019 11:16

14-15-16-августта көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы ыктымал

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Бүгүн, 13-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 14-15-августтарда жана 16-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×