Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 13.08.2019 10:10

Кадамжайда узундугу 7300 метр канал курулууда

Turmush -  Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак айылында узундугу 7300 метр канал курулууда. Бул тууралуу аким Алчынбай Төралиев билдирди.

Анын айтымында, аталган каналдын курулушунун алкагында салынып жаткан 540 метрлик туннелдин курулушу 70% аяктады. Туннелден кийин дагы 800 метр ачык канал, андан соң дагы 150 метр туннель салынат. Эгер бул канал толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилсе 1000 гектарга жакын жер өздөштүрүлөт.

Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Уматилла Акматовдун айтымында, 1,2 куб метр суу келе турган каналдын курулушу «Молдо Нияз» суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө 538 метр туннель жана 300 метр каналдын курулушу аяктап калды. Долбоордун сметалык баасы 176 млн 400 миң сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×