Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.08.2019 09:35

Ысык-Көлдө аз камсыз үй-бүлөлөргө 200 койдун эти таратылды

Turmush -  Ысык-Көл облусу боюнча Курман айтка арналып 200 кой союлду. Бул тууралуу кайрымдуулук фонддун жетекчиси Тыныбек Зундунов билдирди.

Анын айтымында, Курман айттан кийин Каракол шаарындагы мал союучу жайда 200 кой союлуп, 800 үй-бүлөгө 5 килограммдан эт таратылды. Ак-Суу районундагы 333 адамга, Тоң районундагы 200 адамга, Жети-Өгүз районундагы 53 адамга, Каракол шаарындагы 24 адамга жана Түп районундагы 398 адамга эт берилген.

«Бул кайрымдуулук катары берилген эт райондогу айыл өкмөттөрдүн социалдык бөлүмү тарабынан такталган тизме боюнча ата-энесинен ажыраган балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, көп балалуу жана аз камсыз үй-бүлөлөргө берилди», - деди Т.Зундунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×