Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 13.08.2019 08:28 Жаңыланды: 24.08.2019 16:31 На русском

Айыл турмушу: А.Шырдакова дарыгерлик кесибин таштап, мугалим болуп иштеп келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Бирлик айылынын 48 жаштагы тургуну Апал Шырдакова медайымдык кесибин мугалимдикке алмаштырып, бир нече жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. 1991-жылы Нарындагы медициналык окуу жайды бүтүргөн. Бирок медайым болуп 2,5 жыл гана иштеген. Кийин Нарын мамлекеттик университетинин биология факультетин бүткөн.

«1991-жылы окуумду бүтүп, Ат-Башы районундагы автобазада медайым болуп 6 ай иштедим. Ал жакта кыскартуу болуп калып, тез жардам бөлүмүндө 2 жыл эмгектендим. Андан кийин Нарын мамлекеттик университетинин биология факультетине билим алууга барып, 2006-жылы бүттүм. 2006-жылдан бери Бирлик айылынын С.Мырзакматов атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштейм. Биринчи лаборант болуп 4 жыл иштедим. Андан кийин табият таануу жана турмуш тиричилик коопсуздугу сабагын окутуп жатам. Менин оюм боюнча, окуучуларым мен үйрөткөн коопсуздуктарды сактап келе жатат. Коопсуздуктан сактанууну билип, өзүн-өзү куткарып кеткен убакыттар болгон. Окуучулар жолдо жүрүүнүн эрежелерин, адамдарга жардам көрсөтүүнү билишет. Окуучуларга канчалык мээрим төксөң, ошончолук сени жакшы көрүп, жакшы окушат. Чынын айтсам үйдөн өз балдарыма караганда окуучуларыма мээрим төгөм», - деди ал.

Апал айым эгиздин түгөйү болгондуктан эгизи менен бат-баттан жолугуп, сүйлөшүп турат.

«Үйдөн гүл өстүрөм. Короого жашылча-жемиштерди эгебиз. Үйдөн шырдак шырып, кол өнөрчүлүк менен дагы алектенем. Кыздарымдын себин өз колум менен жасап бердим.

Үй-бүлөдө 4 кыз, 4 эркекбиз. Мен алтынчысы, эгиздин түгөйүмүн. Башка бир туугандарга караганда эгиздер бир-бирибизге аябай жакынбыз. Күн куру эмес сүйлөшүп, бат-баттан жолугушуп турабыз», - деди ал.

Мугалим айым 3 кыз, 2 уул, 3 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×