Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуБакай-Ата району 12.08.2019 22:12

Айыл турмушу: Бакай-аталык С.Ченгелов тоокторду багып, үй-бүлөлүк бизнесин өнүктүрүүдө (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Маданият айылынын 40 жаштагы тургуну Султан Ченгелов тооктун түрлөрүн багып, үй-бүлөлүк киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, окуучу кезинен эле тоокторду багууга кызыгат.

«7-классымда эле карлик деген тоокторду багып, короздорун уруштуруп байге утуп жүрчүмүн. Ал убакта карлик короздор кымбат болчу. Эң жакшысы 400 рублга сатылчу. Ар ким уруштуруп жүрүп жүдөп калган короздорду арзан сатып алып, аны 2 ай бакчумун. Себеби урушуп жүргөн короз өзүнүн калыбына келе турганын билчүмүн. Калыбына келип калганда кайрадан уруштуруп, байгеге ээ болуп, баягы сатып алган ээсине кайра кымбат сатып жиберчүмүн.

Атам «Короздорго тийбе, уруштурба. Булар да макулук, кудай эт, жумурткасын жесин деп берет. Сен уруштурасың» деп кубалап калчу (күлүп). Атам жокто алып кетип мушташтырып, кайра алып келип койчумун. Кийин менин болбой турганымды көрүп, атам экөөбүз келишим түздүк. Атам мен тоок соём дегенде семиз 2 тоок сойдурчу. Анткени үй-бүлөбүз чоң болчу, 1 тоок сойсок жетпей калчу. «Эгер тооктор семиз болбосо мактап, уруштуруп жүргөн корозуңду соём» дечү. Ошондо короздорго кошо тооктор да семиз болсун деп аларды жакшылап карап жүрүп, тоок багуунун сырын түшүнүп алдым.

Кийин шаарда көп жыл жүрүп айылга келдим. Келсем айылда дакан короздор чыгып калыптыр. 3-4 жыл мурун Манас району жакта дакан короз мушташтырып, чоң байгелер сайылып, короздор кымбат болуп жатыптыр. Ал жакка короз алып барып мушташтырып, аягында 3000 сомго сатып жибердик. Эжем 10 жылдан бери эле «тоок менен иштесең болот эле, сени тоок багат» деп айта берчү. Чындыгында кара маал багып көрдүм. Бирок эжем айткандай ушул жак менен ишим жакшы жүрдү. Азыр тооктор менен гана иштейм. Тооктор чарбакка 3-4 сааттан жайылат. Бири-бирине аралашпайт, уругу бузулуп калат. Таксидиоз деген оору чыгып жатат, чумка деген оору дагы бар. Ооруга каршы дары-дармектерин алып келип, убагында дарылап турам.

Бир күнү базарга барып, бир чоң ападан аябай чоң короз алып келип тоокторума коштум. Көрсө брама породасындагы короз экен. Ошондон кийин брама породасына кызыга баштадым. Бул породадагы тооктордун жумурткасы 1 жума мурдагысы болсо бастырганда 100% чейин жөжө чыгат. Убагында колдонбой сактаса сасыткы болуп калат. Жумурткасын 50 сомдон, жөжөлөрүн 100 сомдон сатам. Артыкчылыгы эттүү, жоош болгонунда. Короздору союп тазалангандан кийин 5 кг, тооктору 3 кг эт берет. Гибрид, аралаш деген дагы түрлөрү бар. Быйыл жумуртка багытындагы тоокторду алып келип көрдүм. Булар чилдеге чейин жакшы тууйт. Айылдан алып кетип пайдасын көргөндөр көп.

Кечинде буларды балам менен текшерип чыгабыз. Тоокканадагы ар бир бөлмөдө электр жарыгы бар. Тооктун шайы кетип жатканын же башка маселелерди карап эле билем. Ошого жараша ийне сайып же дары ичирип коём. Көпчүлүк тоок ооруп калса дарылоо жолун менден сурашат, билгенимди айтам. Колумдан келишинче элди алдабаганга күчүмдү жумшайм. Адал оокат жакшы эмеспи. Кудайга шүгүр, эл ыраазы. Бир күндө 15 миң сомго чейин тоок сатып кеткендер бар.

Жем берип жүрөбүзбү деп эл күзүндө, кышында тоокторунун 70% сатып жиберишет. Кайра жазда сатып алышат. Бирок баада айырма болот. Кышында 250 сомдон сатып, жазда 500 сомдон алышат. Себеби сезон болуп, тооктор жумуртка тууйт. Түшүнгөндөр брама тооктун эти кымбат болсо дагы сатып алып кетет. Мен тоокторду сатып алып, кайра сатып акча таап, жеминин чыгымын актайм. Киреше дагы болот. 1 айда жумурткадан 14 миң сом табам. Кардарларым бар, алдын ала буйрутма беришет. Мисалы жөжөдөн 20 миң сом тапсам, жарымы жемге, калганы чай пулга керектелет. Үйдө эч ким иштебейт. Бала-чакамды 3 жылдан бери ушуну менен багып келем. Мен үчүн бул кесип болуп калды десем болот. Базарга алып барып дагы сатабыз», - деди ал.

Султан мырза 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×