Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Баракелде, Бишкек 12.08.2019 11:58 На русском

Аялы ойнош күтүп, арызданып келген күйөөлөр: Юрист Чүйдөгү ажырашуунун себебин айтты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2018-жылы Чүй облусунда 6875 киши никеге турса, ажырашкандардын саны 1814 кишиге жеткен. Эксперттердин айтымында, башка аймактарга салыштырмалуу Чүй облусунда ажырашуу фактысы көп катталат (Бишкек шаарын эсепке албаганда). Анын себебин «Сезим» кризистик борборунун юристи Ракия Рахматова айтып берди.

Ракия Рахматова

«Чүй облусунда ички мигранттардын саны көп. Мисалы, кимдир бирөөлөр башка аймактан Чүй облусунун Аламүдүн районуна келип убактылуу жашайт дейли. Алар ошол жерден убактылуу жашайт деген маалым кат алып, никеге тура берет. Кокус ажырашуу болсо, ошол райондон эле сот аркылуу ажыраша берет. Алар дагы Чүй облусундагы ажырашкандардын катарына кошулуп калат. Аймактардан келип, убактылуу жашаган үй-бүлөлөр Бишкек шаарында, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунда абдан көп. Никеге туруунун жана ажырашуунун саны Чүй облусунда көп болуп жатканынын бирден бир себеби ушунда деп ойлойм», - деди ал.

Ракия айым ажырашуу зордук-зомбулук, ойноштук жана мүлк талашуудан чыгып жатканын белгиледи.

«Ажырашуунун 50 пайызы зордук-зомбулуктун айынан келип чыгууда. Күйөөсү ичет, сабайт. Ага чыдабай аялы кетип калат. 20-30 пайызы ата-эне, туугандардын үй-бүлөлүк ишке кийлигишип, мүлктү талашканынан ажырашат. Кээ бир келиндер «жолдошум Россияга иштегени кетти эле. 1-2 жылдан бери кайын ата, кайын энеме кул болуп иштеп жүрөм. Ошол себептен ажырашууга барып жатам» деп кайрылышат. Айрым учурда аялдары Россияга иштегени кетип, күйөөлөрү балдарын карап калат дагы башка келиндер менен жашап кетишет. Же тескерисинче болот. Күйөөлөрү чет жакка иштегени кеткенде аялы ойнош таап кетет. Кээде балдарын таштап, башкага турмушка чыгып кеткен окуялар да кездешет. Мындайда күйөөсү бизге арызданып келип, юридикалык жана башка жардам алышат. Анан жокчулуктун айынан да ажырашкандар бар. Жокчулуктун айынан күйөөсү ичип, аялы кетип калат. Бирок жокчулук убактылуу», - деди ал.

Ракия айым көбүнчө ажырашкандар 25-30 жаштагы келиндер экенин билдирди.

«Мен кыз-келиндер менен жактоочулук кесибим аркылуу иштешип келе жатканыма 20 жыл болду. Адамдардын мүнөзүн билип каласың. Биринчи сүйлөшкөндө эле ою билинет. Жарашууга көңүлү болсо атайын программалар менен иштейбиз. Аларды жараштырууга аракет кылабыз, кеп-кеңештерибизди айтабыз. Жолдошун, ата-энесин чакырып сүйлөшүүлөр болот. Бирок зордук-зомбулук болгон жерде жарашуу деген сөз болбойт. Кыз-келиндер чыдап эле жашай берет. Жыл өткөн сайын ал көнүмүш адатка айланат. Бирок аягы жакшылык менен аяктабайт. Күйөөсү менен 40 жыл жашагандан кийин деле ажырашам деп келишет. Бул куракта балдары бутка туруп, чоңоюп калышкан болот.

Орто эсеп менен алсак, 25 жаштан 30 жашка чейинки келиндер көп ажырашып жатат. 18 жашында турмушка чыгып, 1-2 жыл жашагандан кийин ажырашып кеткендер анда-санда болуп калат. Бирок 5-6 жыл чогуу жашап, андан соң ажырашып кеткендер көп», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×