Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.08.2019 11:16 На русском

Сынактын алдында ала качып кетишкен Б.Карымшакова 3 балалуу болгондон кийин жогорку билим алган (сүрөт)

Бегимай Карымшакова
Бегимай Карымшакова

Turmush -  Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери, милициянын капитаны Бегимай Карымшакова 4 баланын апасы. Ал бала кезинен милиция кызматкери болууну кыялданган. Кесибин сүйгөн погончон айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1985-жылы Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. 2 жыл 8 ай Ж.Шабиров атындагы милиция мектебинде окуп, кийин жогорку окуу жайда сырттан билим алган. Учурда 4 баласын жалгыз тарбиялап жатат.

Б.Карымшакова балдар менен иштөө оор экенин айтты. Себеби жаш балдар жашоосунда болуп жаткан нерселерди жашырышат.

«Мектепти 2002-жылы аяктагам. Жолдошум эртең сынак деген күнү Ат-Башынын Ак-Муз айылына ала качып кеткен. Ал жактан онунчу небере келин болдум. Учурда кайын журтум менен катышып турам. Жолдошум менден 3 жаш улуу болчу. 2007-жылы 3 балалуу болгондон кийин ажыраштык. Ошол кезде улуу балам 5, кийинкиси 3 жашта болчу. 1 жаштагы эмчектеги балам дагы бар эле. Жашоодо ар кандай болот экен. 2009-жылы Бишкек шаарына келип, 1 жылдай бөлөлөрүм менен тигүүчү цехте иштедим. Анан “өзүмдү таштабай, күчтүү болушум керек” деп катуу ойлондум.

Форма кийип, милиция кызматкери болгум келчү. Мени кичинекей кезимде таене, таятам баккан. Ата-энем жайлоодо мал бакчу. Таенем бала кезимде “чоңойгондо ким болосуң?” деп сураганда, мен “милиция болом, сизге байпак алып берем” дечүмүн. 8-класста окуп жүргөндө таятам каза болуп, 8 айдан кийин эле таенем көз жумду. Аябай жаман болдук.

Атама телефон чалып, окушум керек, жардам бергиле дедим. Атамдын Тилек Асаналиев деген генерал бир тууган жездеси укук коргоо органдарында иштечү, азыр ал пенсияда. Атам “балдарың менен окуй албайсың” деди, ата-энем каршы болду. Ал кезде мен 24 жашта болчумун. Ушуну эле окуйм деп өз күчүм менен окууга өттүм. Милиция болсом эле жумуштан агарып-көгөрчүдөй жүрөгүмдө бир нерсе туруп алды. Окубасам, талаада калчудай сезилди. Намыстанып, балдарымды багышым керек дедим. Окуп жүргөндө ата-энем балдарымды багып, бардык жактан колдоп турушту.

Ж.Шабиров атындагы милиция мектебинде 2 жыл 8 ай окудум. Окуумду 2013-жылы 24-февралда бүтүрүп, эмгек жолумду Ат-Башы районунда жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында кенже лейтенант болуп баштадым. 2015-жылы Академияда (ИИМдин) сырттан билим алдым. 2017-жылы турмушка чыгып, уулдуу болдум», - дейт Бегимай Карымшакова.

Ал жумуш дегенде ичкен ашын жерге таштарын билдирди.

«Кесибимди аябай жакшы көрөм. Балдарым түшүнөт. “Апа, иштеңиз, бизди багыңыз” дешет. Балдарым чоңоюп калды. Улуу балам Бишкек шаарындагы №20 лицейди бүттү, кийинки балам 8-класска, кызым 6-класска кирет жана 1 жаш 3 айлык уулум бар. Кудайым буюрса келечекке плдандарым көп. Формамды өз каалоом менен чечип, пенсияга чыгып, балдарыма татыктуу эне дагы, ата дагы болуп, тарбиямды берем», - дейт погончон айым.

Клей жыттаган балдар

«Ушул жылы 3 бала клей жыттап жатышат деген чалуу түштү. Барсак клей жыттаган 3 бала эч нерсени билбейт, бир бала кыймылдай албай калыптыр. Ошол 7-8-класстын балдары учурда менде каттоодо турушат. Ата-энелери стресске кабылышты, себеби окуя чак түштө эле болуп жатпайбы. Ошондуктан ата-энелер балдарын көзөмөлдөшү керек. Азыр клей жыттап көр деп чоң балдар эле кичүү балдарга үйрөтүп жатышат. Алар чоң балдардан зордук-зомбулук көргөнүн айтышпайт. Качан гана кармап алып, тастыктаганда айтышат», - дейт Бегимай Карымшакова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×