Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.08.2019 10:47 На русском

Көлдө россиялык жарандын «Лексусун» автобус сүздү. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көлдө автобус менен жол тандабастын катышуусунда жол кырсык катталды. Бул маалыматты ЖКККБдан тастыкташты.

11-августта кечки саат 21:10 чамасында Ысык-Көл районунун Тамчы айылынын тушунда чыгыштан батышка карай бара жаткан «Лексус RX 300» үлгүсүндөгү унаа солго бурулуп жатканда артындагы «Сетра 215» үлгүсүндөгү автобус сүзүп, жолдон чыгып кеткен. «Лексус RX 300» унаасынын айдоочусу — Россиянын Новосибирск облусунун 1976-жылы туулган тургуну Б.Алексей, ал эми «Сетра 215» үлгүсүндөгү автобустун айдоочулары — Бостери айылынын 1973-туулган тургуну Б.Талгарбек жана Балыкчы шаарынын 1984-жылы туулган А.Алтынбек болгон. Жол кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. ЖКККБнын кызматкерлери окуя болгон жерге өз убагында барып, тиешелүү иштерди жүргүзгөн.

Буга чейин Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жүргүнчүлөрдү ташыган автобус аңга түшүп кеткендигин «Репортерго» күбө билдирген.

Анын айтымында, автобус башка унаадан ашып өтүп, башкаруусун жоготуп, жол тандабасты сүзүп, аңга кулаган. Адамдар жабыркаган жок.

Сүрөт 11-августта саат 22:00 чамасында тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×