Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.08.2019 09:48

Кара-Көлдө аз камсыз үй-бүлөлөргө 100дөн ашык малдын эти таратылды

кара-куль
кара-куль

Turmush -  Кара-Көл шаарында 11-августта Курман айт майрамына карата бир нече үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу шаардын мэри И.Еркеев билдирди.

Маалым болгондой, алгач Курман айт намазы окулуп, ага 5 миңдей шаар тургуну катышты. Андан соң шаар тургундары 3 бодо мал жана 100дөн ашык майда мал-жандык союшуп, этин аз камсыз үй-бүлөлөргө, муктаж адамдарга, жетим-жесирлерге таратып беришти.

Мындан сырткары, күрөш, кол күрөш, аркан тартыш, аксакалдардын күрөшү, ордо оюндары боюнча спорттук мелдештер уюштурулду. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 83 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×