Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 12.08.2019 09:28 На русском

Алайдын Гүлчө айылындагы дамбаны жаңылоо зарыл, - ӨКМ

Turmush -  Алай районуна караштуу Гүлчө айылынын Ыр-Кесе тилкесиндеги дарыянын жээгин бекемдөө зарыл. Себеби 1968-1970-жылдары курулган дамбанын эскилиги жеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай райондук бөлүмүнүн башчысы Жумабай Калдыбаев билдирди.

Буга чейин ал аталган маселени Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго дагы айтканын кошумчалады.

«Биз жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирге 2020-жылы дамба курууну пландаганбыз. Учурда долбоору даярдалууда. Буга чейинки дамбанын эскилиги жеткен. Аны жаңылабасак, Гүлчө айылынын жарымын суу каптап кетиши ыктымал», - деди Жумабай Калдыбаев.

Дамбанын узундугу 390 метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×