Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.08.2019 15:15 На русском

Ысык-Көлгө бир күндө төрт адам чөгүп кетти

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото
// Turmush

Turmush -  Ысык-Көл облусунда бир күндө 4 адам көлгө чөгүп кетти. Бөөдө кырсык 10-августта Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде болгон.

Turmush басылмасы кечээ Чолпон-Ата шаарында 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп кеткенин жазган. Кырсык шаардык пляжда катталган. Көлгө чөгүп кеткен жигит Баткен облусунда 2000-жылы туулган А. уулу Н. экендиги аныкталган болчу.

Болжолдуу маалыматка караганда, эки дос көлгө түшүп жатканда чөгүп башташкан. Жардамга келген куткаруучулар алардын бирин гана куткарууга үлгүрүшүп, суудан тирүү алып чыгышкан.

Экинчи кырсык «Бостери» пансионатында саат 16:00 чамасында катталган. Эс алуучулар сууда адамдын кийимин көрүп, куткаруучуларды чакырышкан. Ал жерге ӨКМдин куткаруучулары жана милиционерлер келишип, чөгүп кеткен адамдын денесин табышкан. Ал Талас облусунун Кара-Буура районунун 1989-жылы туулган тургуну Б.Т. экени аныкталган. Болжолдуу маалыматтарга караганда, ал жалгыз эс алып жаткан.

Саат 13:40 чамасында «Бостери» пансионатында өспүрүм сууга чөгүп кеткен. Ал Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунун 2007-жылы туулган тургуну К.Р. экени аныкталган. Ал Ысык-Көлгө эс алууга апасы менен келген. Бала борбордогу мектептердин биринде окучу.

Дагы бир кырсык Кош-Көл айылындагы пляжда катталган. Көлгө чөгүп кеткен жаран Кемин районунун Орловка шааарынын тургуну Т.А. экени аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×