Оштун жаш футболчулары Кытайда өткөн турнирде 1-орунду алышты
Turmush - Ош шаарынын жаш футболчулары Кытайдын Линься шаарында кичи футбол боюнча өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду алышты. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Линься шаарында спорттун 10 түрү боюнча мелдештер болуп өткөн. Анын ичинде кичи футбол боюнча мелдешке 8 өлкөнүн командасы катышкан. Кичи футбол боюнча мелдештин тандап алуу турунда Оштун курама командасы талаа ээлерин 9:2 эсебинде, Таиланддын командасын 5:3 эсебинде, Тажикстандын командасын 6:0 эсебинде уткан.
Жарым финал үчүн оюнда Оштун жаш футболчулары Непалдын командасын 3:1 эсебинде жеңген. Финалда Таиланддын командасын 2:1 эсебинде утуп, 1-орунду алышкан. Ош шаарынын чемпион болгон жаштар курама командасын Учкун Абдыжапар уулу машыктырат.