Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Талас облусу, Талас 10.08.2019 15:17

Таласта «Альянс Алтын» компаниясы Курман айтка карата 40 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты

Turmush -  Бүгүн, 10-августта Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында «Альянс Алтын» компаниясы 40 үй-бүлөгө жардам көрсөттү. Бул тууралуу компаниянын өкүлү Данияр Жаныкулов билдирди.

Анын айтымында, Курман айт майрамына карата Хан-Бүргө, Сасык-Булак, Кара-Ой, Кеңеш айылдарынан аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга азык-түлүк таратылды.

«Айыл өкмөт тарабынан жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлүп берилди. Жалпы 40 үй-бүлөнүн ар бирине 25 кг ун, 25 кг күрүч, 25 кг шекер, 5 литрден май берилди. Аларды автобус менен алып келип, азык-түлүктөр тапшырылган соң кайра үйлөрүнө транспорт менен жеткирилди», - деди ал.

Аларды «Альянс-Алтын» компаниясынын жетекчисинин орун басары Ойтал Осмонов Курман айт майрамы менен куттуктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×