Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.08.2019 18:08 На русском

Видео, сүрөт — Ысык-Көлдө 25 жаштагы жигитти зордуктоого шектелген тургундун атасы билдирүү жасады

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 25 жаштагы жигитти зордуктоого шектүү делип кармалган жергиликтүү тургун 5 айдан бери убактылуу кармоочу жайда.

Шектүүнүн атасы Абиджан Нарботоевдин айтымында, уулу Мараттын (аты өзгөртүлдү) ден соолугу начарлап жатат. Ошондой эле ал тергөөнүн жүрүшүнө нааразы экенин айтты.

«Уулум балдарымдын эң кенжеси, 22 жашта. Ушул жылдын 6-февралында балам шаарга кеткен. Кайра апасынын туулган күнүнө карата 19-февралда келген. Ага чейин эле ушундай окуя болду (зордуктоо тууралуу) деген сөз тарай баштаган.

Балам жабыркаган жигиттин атасы Таалайбекти үйүнө издеп барган. Ал күнөөлүү эмес экенин айтып, өзү түшүндүрөйүн деп ойлогон. Бирок атасы үйүндө жок болгондуктан базына барып, Таалайбек менен телефон аркылуу байланышат. Ошондо ал балама телефондон «бала бакчанын жанында күтүп тур, барам» деген. Уулум күтүп турса унаада 3 жигит менен кошо келип, уулумду курулушу бүтө элек үйүнө алып барат.

Ал жерден «эгер окуяны эч ким билбесин десең тил кат жазып бер, анан акча берип турасың» деген. Уулум күнөөлүү эмес болсо эмне үчүн акча бериши керектигин сураган. Ошондо төртөө аны 3,5 саат ур-токмокко алышкан. Балам үйдөн чыкканда эле кызым көргөн. Ал жабыркаган жигиттин атасы менен жолукканын билип, издеп баштаган. Бир кезде курулушу бүтө элек үйүнө барып, баламды ошол жерден көргөн. Тизелеп, эки бүктөлүп, башын кармап отурган экен. Катуу сабашыптыр. Кызым «күнөөсү жок болсо эмнеге сабайсыңар?» деп сураса, алар: «азыр мойнуна алдырабыз» деп айтышыптыр. Ал жерден кызым, уулум, күйөө балам болуп, сабалган баламды ооруканага жеткиришиптир.

Ал хирургия бөлүмүндө 11 күн жатып, толук кандуу айыга электе үйгө чыкты. Анан суракка барып жүргөн. 25-февралда суракка барганда 2 айга камакка алышты», - дейт А.Нарботоев.

Ал ошондой эле тергөө бир тараптуу болду деп эсептейт.

«Жабырлануучу жигитти ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан өткөрүштү. Жыйынтыгында жыныстык катнаш болгонун тастыктаган документ алышкан. Медициналык текшерүүгө бизди киргизишкен жок.

Уулум 10-февралда Бишкек шаарында болгон. Сүйлөшкөн кызы келип, шаарда болгонун тастыктап берген. Бирок тергөөчү анын көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, «менин башка жигитим бар, бул баланы тааныбайм» деп жазып койгон. Кызга кол коюуга бергенде ал окуп калып, менин кызыма ыйлап телефон чалган. Мен дагы барып, РИИБдин жетекчисине кирдим. Ал кызматкерлеринен сураса компьютерден техникалык ката кеткенин айтышкан. Техникалык ката тамгадан, сөздөн кетет да, сүйлөмдүн мааниси өзгөрүп жатпайбы. Кийин сүйлөшкөн кызына телефон аркылуу коркутуу болуптур. «Бул жигит баары бир соттолот. Сен келечегиңди ойло» деп айтышкан. Коркутуу болгонун айтып, ал кыз милицияга арыз жазды», - дейт шектүү жигиттин атасы.

Ошондой эле акыйкат чечим чыгарууну жана ишти көзөмөлдөөнү өтүнүп, президентке кайрылуу жолдогон.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери 25 жаштагы жигиттин зордукталышы боюнча фактыны иликтеп жатышканы маалымдалган.

Алдын ала маалыматка караганда, февралдын ортосунда милицияга Ысык-Көлдөгү айылдардын биринин 52 жаштагы тургуну кайрылган. Ал өзүнүн 25 жаштагы баласы Айбекти (аты өзгөртүлдү) белгисиз адам күч колдонуп суу жээгинен зордуктаганын билдирген. Иликтөөнүн алкагында бир катар экспертизалар (соттук-психиатриялык дагы) дайындалган. Бул кылмышка шектелип, жабырлануучунун 22 жаштагы кошунасы Марат (аты өзгөртүлдү) кармалды. Бирок Марат аны зордуктабагандыгын, Айбек психикалык жактан ооругандыктан бардыгын оюнан чыгаргандыгын билдирген.

Март айынын башында Марат бул кылмышка шектелип кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга камалган. Бул аракеттер Жазык кодексинин 162-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен каралат.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы аталган факт болгонун тастыктап, 19-февралда атасы арыз менен кайрылгандыгын жана ал өз арызында 10-февралда уулун бир жигит зордуктаганын билдиргенин маалымдады.

«Соттук-медициналык экспертиза жыныстык катнаш болгонун көрсөттү. Соттук-психиатриялык экспертиза жабырлануучу өзүнүн көрсөтмөсүндө бул чындыкка дал келерин айткан. Соттук-биологиялык экспертиза азырынча даяр боло элек», - деп билдиришкен ОИИБден.

Ал эми шектүүнүн бир туугандары алардын дарегине коркутуулар болуп жатканын билдиришип, Turmush басылмасына кайрылышкан.

22 жаштагы Мараттын эжеси Айнуранын айтымында, 6-февралда иниси Бишкек шаарына кеткен. Кайра өз айылына 19-февралда апасынын туулган күнүндө келген.

«Ал шаарда жүргөндө ага телефон чалып, анын бул кылмышка тиешеси бар экендиги тууралуу айтышкан. Бирок ошол окуя болгон учунда ал Бишкекте болгонун далилдей турган факттар бар. Анткени ал өзүнүн сүйлөшкөн кызын жолугушууга чакырган. Ушактар тарап баштаганда биз ага телефон чалып, айылга келишин өтүндүк. Өз кезегинде Марат келерин жана айтылып жаткан сөздөр чын эмес экенин билдирген», - деди Айнура.

Анын айтымында, кийинчерээк иниси айылга келген.

«Агам жана Марат болуп чай ичип отурганда биз ал тууралуу айтылып жаткан ушактарды айтып бердик. Ал териштирүү үчүн ошол үй-бүлөгө кеткен. Алар биздин жаныбызда эле жашашат. Ал киши [баласынын зордукталганы боюнча арыз жазган адам] алыс барууну сунуштаган. Андан кийин алар инимди күрөктүн сабы менен сабап салышыптыр. Биз аркасынан барсак, алар инимди күнөөсүн мойнуна албаганы үчүн сабашкан экен. Ал жактагы адамдардан түшүндүрүүнү сурасак, алар мен эч нерсе чечпей турганымды билдиришти. Мен болсо инимдин бул окуяга тиешеси жок экенин далилдөө үчүн милицияны чакырууну сунуштадым», - деген Айнура.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×