Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуКемин району 09.08.2019 09:10

Чүй облусунун райондорунда коомдук-саясий абал кандай? Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун райондорунда коомдук-саясий абал туруктуу. Жергиликтүү бийлик органдарынан маалымдашкандай, жашоочулар топ-топ болуп чогулган жок.

Москва районунда абал тынч. Жыйналган жана топтолгон адамдар жок.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациядан билдиришкендей, райондо абал тынч. Көчөлөрдө жыйналган адамдар жок.

Токмок шаарынын мэри Д.Амангелдиевдин билдиргенине караганда, шаарда тартип бузуулар жана акыркы эки күндөгү окуяга байланыштуу окуялар байкалган жок. Шаардыктардын жашоосу адаттагыдай өтүп жатат.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, көчөлөрдө абал тынч. Атайын жер-жерлерде элдин тынчтыгын сактоо жана көзөмөлдөө боюнча иштер жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×