Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.08.2019 10:07 На русском

Белекке жеңил унаа, 2 кыл куйрук жана 100 миң сом: Ак-талаалыктар балбан кыз Калмираны кантип тосуп алышты? Видео

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган Билимбек кызы Калмираны салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Болгарияда өткөн мелдеште Кыргызстандын намысын коргоп, 53 кг чейинкилер арасында 2-орунду алган Билимбек кызы Калмира кечээ, 7-август күнү кичи мекени Ак-Талаа районуна келди. Аны Бишкек шаарынан аяш аталары, спортчулар коштоп келишти. Калмираны алгач Нарын шаарында, андан соң Куланак айылында салтанаттуу тосуп алышып, Ак-Талаага узатышкан.

Ак-Талаа районунда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар балбан кызды Ак-Тал айылындагы арканын жанынан баалуу белектер менен тосуп алышып, кортеждин коштосунда Баетов айылына барышты. Баетов айылындагы Тайлак баатырдын эстелигинин алдында жергиликтүү тургундар чогулуп, спортчуну кол чабуулар менен тосуп алышты. Салтанаттын жүрүшүндө ардагер спортчу Мелис Сулайманов аксакалдардын атынан куттуктоо сөзүн сүйлөп, Калмирага 1 кыл куйрук, жаштардын атынан 1 бээ тапшырышты. Ал эми балбан кыздын атасы жана машыктыруучусу Билимбек Капарбек уулу жана Калмира өзү чогулгандарга ыраазычылыгын билдирди. Калмира Билимбек кызы жеңишин элине арнаганын айтып, сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алды.

Андан соң салтанаттуу иш-чаранын катышуучулары Дөрбөлжүн аянтына жөө жүрүш жасашып, ал жерден Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров, ЖКнын депутаты Жыргалбек Турускулов («Республика—Ата Журт»), Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Турусбеков, жергиликтүү мекеме-ишкананын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары, ардагерлер баалуу белектерин ыйгарышты. Ошондой эле Баетов айыл өкмөтү тарабынан спортчу кызга 100 миң сомдук сертификат тапшырылды. Ал эми райондук билим берүү бөлүмү Калмиранын ата-энеси Билимбек Капарбек уулу жана Калбү Аппасияевага ыраазычылык кат ыйгарса, Калмира райондук мамлекеттик администрациянын ардак грамотасы менен сыйланды.

Андан сырткары жеке ишкер тарабынан балбан кызга «Форд Фокус» үлгүсүндөгү жеңил автоунаа белекке берилди.

Turmush басылмасы кечээ, 7-августта Нарын шаарында Болгарияда өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чепионатында күмүш медаль тагынган Калмира Билимбек кызын салтанаттуу тосуп алышканын жазган.

Салтанаттуу иш-чарага Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын өкүлдөрү, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, вице-мэр Салтанат Кадырова, Нарын шаарынын жаштары жана спортчунун жакындары катышкан. Анын алкагында балбан кызга каалоо-тилектер айтылып, диплом жана 30 миң сомдук сетрификат ыйгарылган. Ошондой эле Нарын шаардык жаштар кеңешинин атынан атайын белектер тапшырылып, балбан кыздын атасына ак калпак кийгизишкен. Белгилей кетсек, спортчуну өзүнүн атасы машыктырып келет.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы Россиянын Москва шаарындагы кыргызстандыктар Калмира Билимбек кызын салтанаттуу тосуп алышканын жазган.

Ак-Талаа районунун тургуну Арсен Кудашовдун айтымында, балбан кызды Шереметьево аэропортунда тосуп алышып, Кыргызстанга узатышкан.

Болгариядагы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан Калмира Билимбек кызы 53 кг чейинкилер арасында күмүш медаль тагынган.

Калмира беттешин 1/16 финалда баштап, катары менен 3 жолу жеңишке жетишкен. Жарым финалда казакстандык атаандашын да утуп чыкты. Ал эми финалда 2018-жылы дүйнө чемпиону болгон кытайлык спортчуга жеңишти алдырды.

Билимбек кызы бул курактагы категорияда финалга чыга алган Кыргызстандын экинчи өкүлү болду. Буга чейин 2016-жылы Грузиянын Тбилиси шаарында болгон турнирде Айпери Медет кызы финалга чыккан. Бирок атаандашынан жеңилип калып, күмүш медаль алган.

Калмира 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында 46 салмакка чейинкилер арасында күч сынап, 5-орунга жазылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×