Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 07.08.2019 20:21

Кортеж, торт, белектер: Нарында жаштардын дүйнө чемпионатында күмүш тагынган Калмираны салтанаттуу тосуп алышты. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 7-августта Нарын шаарында Болгарияда өткөн Жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чепионатында күмүш медаль тагынган Калмира Билимбек кызын салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын өкүлдөрү, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, вице-мэр Салтанат Кадырова, Нарын шаарынын жаштары жана спортчунун жакындары катышты. Анын алкагында балбан кызга каалоо-тилектер айтылып, диплом жана 30 миң сомдук сетрификат ыйгарылды. Ошондой эле Нарын шаардык жаштар кеңешинин атынан атайын белектер тапшырылып, балбан кыздын атасына ак калпак кийгизишти. Белгилей кетсек, спортчуну өзүнүн атасы машыктырып келет.

Калмиранын атасы тосуп алгандарга ыраазычылык билдирди.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы Россиянын Москва шаарындагы кыргызстандыктар Калмира Билимбек кызын салтанаттуу тосуп алышканын жазган.

Ак-Талаа районунун тургуну Арсен Кудашовдун айтымында, балбан кызды Шереметьево аэропортунда тосуп алышып, Кыргызстанга узатышкан.

Болгариядагы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан Калмира Билимбек кызы 53 кг чейинкилер арасында күмүш медаль тагынган.

Калмира беттешин 1/16 финалда баштап, катары менен 3 жолу жеңишке жетишкен. Жарым финалда казакстандык атаандашын да утуп чыкан. Ал эми финалда 2018-жылы дүйнө чемпиону болгон кытайлык спортчуга жеңишти алдырды.

Билимбек кызы бул курактагы категорияда финалга чыга алган Кыргызстандын экинчи өкүлү болду. Буга чейин 2016-жылы Грузиянын Тбилиси шаарында болгон турнирде Айпери Медет кызы финалга чыккан. Бирок атаандашынан жеңилип калып, күмүш медаль алган.

Калмира 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында 46 салмакка чейинкилер арасында күч сынап, 5-орунга жазылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

01.08.2019Күрөш боюнча жаштардын дүйнө чемпионаты: Калмира Билимбек кызы жарым финалда
02.08.2019Калмира Билимбек кызы жаштардын дүйнө чемпионатында финалга чыкты (сүрөт, видео)
02.08.2019Калмира Билимбек кызы финалда кытайлык балбан кыз — Азия чемпиону менен күрөшөт
02.08.2019Калмира Билимбек кызы — жаштардын дүйнө чемпионатынын финалына чыккан тарыхтагы экинчи кыргызстандык
03.08.2019Жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында Калмира Билимбек кызы күмүш утту
06.08.2019Сүрөт: Москвадагы кыргызстандыктар жаштардын дүйнө чемпионатында күмүш тагынган Калмираны тосуп алышты
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×