Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.09.2019 21:00

Погончон айым: Кесибимди түшүнгөн адамга гана турмушка чыгам, - кенже лейтенант Венера

Turmush -  «Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кенже лейтенанты Венера Чекирова. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын бала кезиндеги кыялы орундалып, 1 жылдан бери өз кесиби боюнча эмгектенүүдө. Буга чейин Жогорку Кеӊеште катчы болуп иштеп, тажрыйба топтогон соң башка ишке которулган.

«Мен Түп айылында чоӊоюп, В.Кайкин атындагы мектепти 2005-жылы аяктадым. Андан кийин Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык бөлүмүндө билим алгам. Жогорку окуу жайды аяктаган соӊ Жогорку Кеӊештин катчылыгында 2015-жылга чейин эмгектендим. Андан кийин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Ысык-Көлгө келип, ОИИБдин жетекчисинин катчысы болуп иштедим. Тажрыйба топтогондон кийин 2018-жылдын күз мезгилинен тарта милиция кызматкери болуп иштеп жатам», - дейт 31 жаштагы Венера.

Кенже лейтенант учурда жеӊил кылмыштар боюнча тергөөчү кызматын аркалап келет.

«Мен Түп РИИБге жумушка орношкондон тарта коомчулук арасында болуп жаткан түрдүү окуяларга күбө болдум. Албетте, арасында таӊ каларлык, жүрөк өйүтгөн маселелер дагы бар. Андай кырдаалга психологиялык жактан даяр элем. Кандай гана иш болбосун чын-төгүнүн бышыктап, адилеттүү чечүүгө аракет кылам. Көбүнчө мага үй-бүлөлүк жаӊжал боюнча кайрылышат. Мындай убакта аял менен эркектин жарашуусуна убакыт берем. Бир аптадан кийин өздөрү кайрадан бир чечимге келишет», - дейт кенже лейтенант.

Ошондой эле ал бул кызматты аркалаган соң мүнөзү өзгөргөнүн айтат.

«Кесибиме байланыштуу мурдагы назик Венера менен азыркы Венераны салыштырып болбойт. Сабырдуу жана токтоо болууга үйрөндүм. Болочоктогу жолдошум менин жумушумду, кесибимди түшүнүп, колдоп турса дейм. Ошондой адамга гана турмушка чыгып, бул тармактагы ишимди улантып кете алам деп ойлойм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×