Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 07.08.2019 12:12

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 6-августта Ош облусунун аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 16:00 чамасында болгон. Жер титирөөнүн күчү Өзгөн районунун Шералы, Кароол айылдарында 3,5 баллга, Өзгөн шаарында, Куршаб жана Мырза-Аке айылдарында 3 баллга, Жетим-Дөбө жана Кичи-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×