Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусу, Токмок 06.08.2019 16:22

Чүйдө бир күндө үч эмден төрөгөн эки эне төрөт үйүнөн чыгарылды

Turmush -  Чүй облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 29-июлда 3 эм төрөгөн эки эне төрөт бөлүмүнөн чыгарылды. Бул тууралуу 5-августта өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-июлда Токмок шаарынын 26 жаштагы тургуну Ырыс Шаршеева жана Сокулук районунун 40 жаштагы тургуну Олеся Томилова 3 эм төрөгөн. Бүгүнкү күндө эне жана балдардын абалы жакшы.

Токмок шаарындагы жубайлар 2 уул тарбиялап жатышса, эми 5 баланын ата-энеси болушту. Ал эми Томиловдордун үй-бүлөсүндө 7 бала тарбияланып жаткан болсо, учурда 3 эм менен бирге 10 балалуу болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×