Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 06.08.2019 15:23

Баткен шаарында салынып жаткан 100 батирлүү 25 үйдүн курулушу күзүндө аяктайт

Turmush -  Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына салынып жаткан 100 батирлүү 25 үйдүн курулушу октябрь айында аяктап, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта мэр Мамыр Рахимов билдирди.

Маалыматка караганда, курулушу апрель айында башталган үйлөр 3,24 гектар жерге салынып жатат. Ар бир үйдө төрттөн батир болот. Курулуштун жалпы суммасы 98,5 млн сом. Акчасы Кувейттин уюму аркылуу каржыланууда. Бул кичи райондо үйлөрдөн тышкары мечит, футбол талаасы, ФАП, трансформатордук көмөкчү чордон, дүкөн, кийим тигүүчү цех, канализациялык тутумдар, бала бакча кошо салынат. Мэрия кошумча бала бакча курууда. Аталган курулушта 70 жумушчу иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×