Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуНарын району 06.08.2019 12:02 На русском

Солтон-Сарыдагы жаңжал: Ооруканада жаткан достор чыр кантип башталганын айтып беришти. Видео

Turmush -  2-август күнү Нарын районунун Солтон-Сары алтын кенинде «Жонг Жи Майнинг (Zhong Ji Mining)» компаниясынын ортомчу ишканасы болгон «Синь Цзян» фирмасында иштеп жаткан кытайлык жумушчулар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен 2 тургун ооруканага кайрылган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ооруканада дарыланып жаткан Нарын районунун Оттук айылынын тургундары Ж.Темир уулу жана А.Курманов окуя тууралуу айтып беришти. Алардын айтымында, аталган 2 тургун унаа менен жайлоодогу туугандарына бара жаткан. Жолдон унаанын суусу ысып кетип, жакын жердеги ишканага жардам сурап кайрылышкан. Бирок ал жактагы жыйырмадан ашуун кытайлык жумушчулар менен тургундардын ортосунда өз ара түшүнбөстүктөр пайда болуп, чыр чыккан. Арачага түшкөн кароолчу дагы жабыркаган.

«2-август күнү кечинде дос балам экөөбүз унаабыз менен Оттук айылынан Тер-Суу жайлоосуна бара жатканбыз. Ал жерде иним жана дос баламдын ата-энеси жашайт. Жайлоого жетпей, Кичи Кара-Кужур деген жерде унаабыздын суусу ысып кеткендиктен жакын жердеги ишкананын алдына токтодук. Унаадан түшүп, жардам сурадык. Бирок кытайлык жумушчулар биздин тилди түшүнбөйт же биз алардын тилин түшүнбөйбүз. Колубуз менен унааны көрсөтүп, идиш жана ичкен суу деп кол жаңсап түшүндүргөнгө аракет кылдык. Ошол учурда менин сол капталыма ысык суюктук чачылды. Анан досума “булар бизди туура эмес түшүнүп калышты окшойт” деп айтып, короонун сыртына качтык. Чыгарыбыз менен 20дан кем эмес кытайлык жарандар күрөк, арматура, электрошокер менен кол салышты. Бир кезде кароолчусубу же жумушчусубу билбейм, бир кыргыз байке чыгып, бизди бөлүштүрүп жатканда жерге жыгылып калды. Мен ага эңкейгенче башыма сокку жеп жыгылдым. Эс-учумду жоготуп, бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра эсиме келдим. Досум экөөбүз эптеп унаага чуркап келип, унааны айдап качканга жетиштик. Жолдо бара жатканда менин бир колум кыймылдабай, башымдан кан агып, көзүм караңгылады. Эсимди жоготуп баштаганда унаабыз токтоп калды. Көрсө бир чуңкурга кирип кетиптирбиз. Эсиме келип көзүмдү ачсам бир унаа токтоп, айдоочусу жардам керекпи деп калды. Ал унаа менен Оттук айылына чейин бардык», - деди Ж.Темир уулу.

Ал эми А.Курманов окуя кечки саат 20:00-22:00 чамасында болгонун айтты.

«Биз барган учурда жумуштары жаңы бүткөн окшойт. Баары эле эшикте турушуптур (кытайлык жумушчулар). Алар бизди түшүнбөй, дароо мушташ чыкты. Ал жерден эптеп качып кутулуунун аракетин кылдык. Белге, башка, колу-бутузга уруп жатышты. Ары жактан ошол жерде иштеген эки кыргыз бала жардамга келе жатканда алар дагы жабыркады. Биз унаабыз менен качып бара жатканда артыбыздан унаанын жарыктары көрүнгөн. Бизди кубалаштыбы же башка унаабы билген жокпуз. Менин мурдум канап, досумдун башынан кан агып, унааны ылдам айдаганбыз. Жолду деле көргөндөй болгон жокпуз», - деди А.Курманов.

Аталган 2 тургун окуя болгон күндүн эртеси милицияга арыз жазып, андан соң ооруканага жатышкан.

«Ал күнү ооруканага бара алган жокпуз. 3-август күнү эртең менен Нарынга келип, ШИИБге арыз жаздык. Наркологияга, экспертизага барып, андан кийин ооруканага келип жаттык. Кытайлар келип: “Акыбалыңар кандай, эмне кылалы?” дешти. Биз эч нерсе кылбай эле койгула, азыр сүйлөшө албайбыз. Дарыланып бүтөлү, анан баарын мыйзам чегинде чечебиз дедик», - дешти ооруканада дарыланып жаткан жергиликтүү жашоочулар.

Нарын облусунун бириккен оорукасынын сыныктар бөлүмүнүн дарыгери Айбек Манапбаев аталган 2 бейтаптын баш мээси чайкалып, бир нече жеринен жаракат алышканын билдирди.

«Оттук айлынын эки тургуну келгенде эле дароо невропатолог, травматолог, хирург, ревматолог биригип консилиум (доктурлардын чогулушу) жүргүздүк. Диагноз такталып, биздин бөлүмгө жаткырылды. Рентгенге көкүрөктөрү, башы тартылган. Кошумча дагы рентгенге тартылат. Баштапкы абалына караганда азыркы абалы жакшы. Башы, колдору, мурдунан жаракат алышкан. Денелеринде тытыктар бар», - дейт А.Манапбаев.

---------------------------------------

Учурда Нарын районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, анын орун басары барган.

Буга чейин Turmush басылмасы Солтон-Сарыда жашоочулар менен жумушчулар бири-бирине таш ыргытышканын жазган.

-----------------------------------------------------------

«Баракелде» басылмасы бүгүн, 6-августта саат 04:30 чамасында Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кен иштеткен кытайлык компаниянын 20 жумушчусу түшкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазды.

Жумушчулар Солтон-Сары кенинде жергиликтүү жашоочулар менен болгон жаңжалда жабыркаган.

«Алардын баш мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жаракат алган. Дарыгерлер жабырлануучулардын абалын туруктуу деп баалап жатышат. Тиешелүү жардам, дары-дармектер берилүүдө», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

-----------------------------------------------------------

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарын облусуна жөнөп кеткенин бүгүн, 6-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу талабын айтып жаткан жашоочулар менен жолугушат.

Кечээ, 5-августта Солтон-Сары кенинде Нарын районунун тургундары чогулган. Ал жерге 300дөн ашык жергиликтүү тургун барганын аймактык кабарчы билдирген.

Жергиликтүү тургундар менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолугушкан. Тургундар кытайлык компаниянын ишин токтотуп, бардык техникаларын кенден алып кетүүнү талап кылышууда. Чогулгандар комбинат жайгашкан аймакка жөө барышкан.

Саат 19:05

Жашоочулар техникалар жайгашкан аймакка барышкан. Алар техникаларды чыгаруу талабын коюшкан.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×