Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.08.2019 11:54

Салык кызматкеримин деген адам дүкөндү текшерип, телефон уурдап кеткен

кара-балта
кара-балта

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы базарда өзүн салык кызматкери катары тааныштырган жаран өспүрүм кыздын акчасын жана уюлдук телефонун алып кеткен.

Маалым болгондой, 22-июлда саат 14:00 чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда жогорку базарда белгисиз адам алдоо жолу менен өспүрүмдүн уюлдук телефонун алып, качып кеткени айтылган.

Кылмыш болгон жерге участкалык инспекторлор, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери жана тергөөчү барган. Алардын иликтөөсү менен белгилүү болгондой, кийим-кече саткан дүкөндө апасынын ордуна жашы жете элек кызы иштеп жаткан. Саат 13:00 чамасында өзүн салык кызматкери катары тааныштырган белгисиз жаран келген. Дүкөн ээсинин эки айлык 5000 сом суммасындагы карызы бар экенин айтып, акча сураган. Кыз андай суммадагы акча жок экенин айтып, апасына телефон чалган. Дүкөндүн кассасында 900 сом гана болгон.

Ошол учурда белгисиз жаран уюлдук телефону аркылуу Салык кызматы деп турган номурга чалып, үнүн катуу чыгарган. Бирок эч ким жооп берген эмес. Ошондо ал кассада канча акча болсо ошону берүүнү талап кылган. Кыздан телефонду алып, дүкөн ээсине өзү чалып түшүндүрөрүн айткан.

Белгисиз жаран акчаны жана уюлдук телефонду алып, номур терип жатып дүкөндөн чыгып кеткен. Бирок кыз уюлдук телефонду алууга аракет жасанда «алтын» шакегин кепилдик катары таштаган бойдон качып кеткен.

Дүкөндө сатып алуучулар болгонуна байланыштуу кыз аркасынан кууп чыга алган эмес. Иликтөө учурунда видеокамералардагы жазуулар текшерилип, кыз кылмышкерди тааныган.

Жабырлануучу арыз жазып жатканда РИИБдин оперативдүү кызматкерлерине жогорку базардын аймагынан телефон уурдалганы боюнча да маалымат түшкөн. Бул жолу кылмышкер дүкөндүн ээси — пенсионер аялдын 10 сомдук телефонун уурдап кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×