Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Нарын облусуНарын району 06.08.2019 10:25

Солтон-Сарыдагы чыр-чатактан жабыркагандар ооруканага жеткирилген

Turmush -  Учурда Нарын районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, анын орун басары бар.

«5-август күнү Солтон-Сарыдагы кен чыккан жерге Нарын районунун айылдарынын жашоочулары чогулуп, алтын кен чыккан жердеги кытай ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө талаптарын билдиришкен.

Ал жерге 300гө жакын жашоочу чогулган. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргыта башташкан. Анын кесепетинен жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген. Аталган факт Нарын ОИИБ тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Абал туруктуу», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Солтон-Сарыда жашоочулар менен жумушчулар бири-бирине таш ыргытышканын аймактык кабарчы маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×