Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
05.08.2019 18:53 На русском

Сүрөт, видео — Нарында жергиликтүү тургундар Солтон-Сары кенине чогулушту

Turmush -  Бүгүн, 5-августта Солтон-Сары кенине Нарын районунун тургундары чогулду. Ал жерге 300дөн ашык жергиликтүү тургун барганын аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундар менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолугушуу өткөрүп жатат. Алар кытайлык компаниянын ишин токтотуп, бардык техникаларын кенден алып кетүүнү талап кылышууда. Чогулгандар комбинат жайгашкан аймакка жөө бара жатышат.

-----------------------------------------------------------

Саат 19:05

Жашоочулар техникалар жайгашкан аймакка барышты. Алар техникаларды чыгаруу талабын коюп, күтүп жатышат.

--------------------------------------------------

Буга чейин 2-августта Нарын районунун Солтон-Сары алтын кенинде иштеп жаткан кытайлык компаниянын жумушчулары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда уруш чыккан. Бул тууралуу маалыматты Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган болчу.

Маалым болгондой, 2-августта Нарын РИИБге кенди иштетип жаткан компаниянын ортомчусу «Синь Цзян» ишканасында иштеп жаткан кытайлык жарандар менен ал жакта мал баккан 2 чабандын ортосунда өз ара келишпестиктер болуп, урушуп кеткендиги боюнча билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Нарын РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү жүргүзгөн.

2-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Нарын районуна караштуу Оттук айылынын 1986-жылы туулган тургундары А.К. менен Т.у.Ж. «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа менен Кара-Кужур жайлоосуна бара жатканда унаанын суусу ысып кеткен. Алар кенди иштеткен «Жонг Жи Майнинг компани» компаниясынын ортомчу ишканасы «Синь Цзян» фирмасы тарабынан ижарага алынган сарайга жардам алуу максатында киришкен. Бирок ал жакта отурган 20га жакын кытайлык жарандар менен өз ара түшүнбөстүктөрдөн улам уруш чыгып кеткен. Анын кесепетинен аталган 2 адам жана ал жерде кароолчу болуп иштеп жаткан Миң-Булак айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.З. жаракат алышкан.

Жабыркаган кыргыз жарандары окуя боюнча арыз жазышып, мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнүшкөн. Аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуянын чоо-жайын тактоо максатында арыздануучулар жана «Синь Цзян» ишканасынын кызматкерлери, окуянын күбөлөрү Нарын РИИБге алынып келип, териштирүү иштери улантылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×