Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.08.2019 12:55

А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумунда шектүү Мелис Калыков судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү

Turmush -  Бүгүн, 5-августта Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралууда.

Сот отурумдун жүрүшүндө Мелис Калыковдун жактоочулары Сартпай Жайчибеков жана Асылбек Күңгуров судья Жолборс Кудаяровго ишенбөөчүлүк көрсөттү.

«Сиздин сот отурумдарын алып барууга моралдык укугуңуз жок. Эгер иш ушул өңүттө улана берсе, сиз бир канча берене менен М.Калыковду 20 жылдан 82 жылга чейин камаганы жатасыз. Анан буга чейин 37 күбө көрсөтмө берип жатканда бир да жолу суроо берген жоксуз. Мен мындай сотту көргөн эмесмин. Ошондуктан биз ишенбөөчүлүк көрсөтөбүз.

Мелис Калыков кандай абалда болсо, сиз да ошондой абалда экенсиз. Прокуратура менен сүйлөшүп алгандай түр калтырып жатасыңар», - дешти жактоочулар.

Андан кийин судья Жолборс Кудаяров тараптардын пикирин сурады. Мамлекеттик айыптоочулар С.Жайчибековду массалык маалымат каражаттарынын алдында өзүн көрсөтүү жана ишти созуу үчүн өтүнүчтөрдү келтирип жатканын айтышты. Маркум Анарбай Мамажакыповдун туугандарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева да мамлекеттик айыптоочулардын пикирин колдоду.

Ал эми шектүү Мелис Калыков өзүнүн тагдырын судья Ж.Кудаяровдукуна окшоштурду.

«Башкы прокуратуранын каты турат. Урматтуу судья, сиз экөөбүздүн тагдырыбыз окшош экен. Сиз менин ишимди карап атасыз. Мен сиздин ишиңизди карасам кандай болот эле? Мисалы, судья Жолборс Кудаяровдун 3 кылмыш ишинин ичинен экөөсүн менин кылмыш ишимди тергеген тергөөчү карап жатыптыр. Башкача айтканда менин ишимди прокуратурага көз каранды болгон адам карап жатат. Эгерде Ж.Кудаяров мени актап койсо, өзү соттолот», - деди М.Калыков.

Жыйынтыгында судья жактоочулардын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Буга чейин Turmush басылмасы сот отурумдун башында М.Калыковдун жактоочулары Сартпай Жайчибеков жана Асылбек Күңгуров мамлекеттик айыптоочуларды ишти кароодон четтетүү тууралуу өтүнүч билдиргенин жазган.

«Судья Жолборс Кудаяровго 1 эмес, 3 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатыптыр. Ал кылмыш иштер М.Калыковдун ишине байланышпаса дагы биз судьяга ишенбейбиз.

Башкы прокурордун орун басарынын катында сиздин үстүңүздөн 3 кылмыш иши козголгону айтылыптыр», - дешкен жактоочулар.

Андан соң судья Жолборс Кудаяров тараптардын пикирин сураган. Мамлекеттик айыптоочулар жактоочунун өтүнүчүн ишти созуу үчүн көрүлүп жаткан аракет катары баалашып, судья бейтараптуулукту сактап жатканын билдиришкен. Маркум А.Мамажакыповдун туугандарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева да мамлекеттик айыптоочулардын пикирин колдогон.

Ал эми маркум Анарбай Мамажакыповдун атасы жактоочу С.Жайчибековго өз нааразычылыгын билдирген.

«С.Жайчибеков ким? Ал акча үчүн ар нерселерди жасап жатат. С.Жайчибеков айтса эле прокурорлор иштен четтетилеби?», - деген Кубатидин Мамажакыпов.

Жыйынтыгында судья Жолборс Кудаяров жактоочу С.Жайчибековдун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×