Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 05.08.2019 12:18

Базар-Коргон районунда эр таймаш боюнча эл аралык мелдеш өттү

Turmush -  Базар-Коргон районунда эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук спорт комитетинин инспектору Максатбек Таштанов билдирди.

Маалым болгондой, турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын мушкерлери катышты.
Мелдеш жаштарды спортко чакыруу жана улуттар аралык достукту чыңдоо максатында уюштурулган.

«Турнирге жалпы 100дөн ашык спортчу катышып, 3 салмак категорияда күч сынашты. Ага коңшу Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнөн мушкерлер келишти. Тажикстандан да коноктор келмек, бирок алар шартка байланыштуу келе алышкан жок. Чемпиондук наам үчүн таймашта 3 салмакта тең кыргызстандык мушкерлер жеңишке жетти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×