Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.08.2019 18:27

Бостериде досу менен чогуу көлдө сүзүп жүргөн адам сууга чөгүп каза болду

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы эс алуучу жайлардын биринде бир адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон 30 жаштагы адам көлгө Оштон келгени айтылууда. Ал досу экөө үйлөмө матрас менен көлдүн бир топ жерине чейин сүзүп барган. Ошол учурда толкун болуп, матрас оодарылып кеткен. Суудан досу чыгып кетип, ал чыга албай чөгүп кеткен. Жанындагылар да куткарабыз деп таппай коюшкан. ӨКМдин куткаруучулары аны жээкке алып чыгып, жасалма дем алдырышкан. Бирок кеч болуп калган.

Каза болгон адамдын артында 2 баласы, кош бойлуу аялы калганы айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×