Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 04.08.2019 11:20

Тоң районунда «Кызыл өрүк» фестивалы өттү

Turmush -  Кечээ, 3-августта Тоң районунун Тоң айылында «Кызыл өрүк» фестивалы болуп өттү.

Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Мамбетовдун айтымында, бул фестиваль жыл сайын өткөрүлүп келет. Иш-чара ар кандай оюн-зооктор, концерттик программалар менен коштолуп, өрүктөн жасалган, кыямдарды, шербеттерди, кактарды жасоо боюнча мастер-класстар көрсөтүлдү.

«Кызыл өрүк» фестивалын жыл сайын өткөрүп, салтка айлантып алганбыз. Бул фестивалдын негизги максаты – айыл жергесиндеги өрүктү бренд катары дүйнөгө таанытуу жана багбандардын өрүктөрүн жакшы баага сатуу. Өрүк баккан багбандар жылдан жылга көбөйүп жатат. Ошондуктан өндүрүлгөн продукцияны жакшы баага сатууга жаңы ыкмаларды издештирип жатабыз. Алардын бири катары Тоң айылында мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борбор куралы деп пландап жатабыз. Инвесторлор колдоп, логистикалык борбор ачылып калса элге көп пайдасы тиймек», - деди ал.

Аталган фестиваль «Таза жээк» акциясы менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×