Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 03.08.2019 12:14

Сузактын Жаңы-Ачы айылында 2 кабаттуу сарай өрттөнүп кетти (сүрөт)

Turmush -  2-августтан 3-августка караган түнү Сузак районунун Жаңы-Ачы айылында 2 кабаттуу сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, сарай У.М. аттуу адамга таандык болгон. Кырсыктын кесепетинен сарайдын чатыры, анда жыйылган 600 боо чөп толугу менен күйүп кетти. Өрттү өчүрүүгө Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 өрттү өчүрүүчү унаа тартылган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери, келтирилген материалдык зыян такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×